Карнап, Рудольф (1891—1970) — логикалык позитивизмдин башкы өкүлдөрүнүн бири.

Файл:Rudolf Carnap (1891 – 1970).jpg

Өмүр баяны түзөтүү

Ал Германияда, Роннсдорфто туулган. Фрейбург жана Вена университеттеринде физиканы, математиканы жана философияны окуган. Өзүнүн философиясында Готтлиб Фрегенин таасирин башынан өткөргөн. Биринчи дүйнөлүк согушта армияда кызмат өтөйт. Анын мейкиндик түшүнүктөрүн салыштырмалуу анализдөө жөнүндөгү докторлук диссертациясы физикада, математикада жана философияда пайдаланылат жана ал түшүнүктөрдү логикалык карап чыгуудагы маанисин баса көрсөтүүгө багытталган.

Чыгармачылык жолу түзөтүү

Карнап Вена ийриминде башкы фигура болгон. 1929-жылы «Дүйнөнүн логикалык конструкциясы» деген эмгегин жарыялайт. Ошол эле жылы Отто Нейрат жана Ганс Хан менен бирге Вена ийриминин манифесттин түзөт, ал «Вена ийрими: Дүйнө жөнүндөгү илимий түшүнүк» деп аталып, анда Вена ийриминин максаттары менен усулдары жарыя кылынат. Ганс Рейхенбах менен бирге илим философиясына арналган «Эркеннтнис» журналын түзөт. 1931-жылдан тартып ал Прагадагы герман университетинде табият философиясынын кафедра башчылыгына дайындалат. Бул жерде Карнап өзүнүн «Тилдин логикалык синтаксиси» деген эмгегин жарыялайт. 1935-жылы нацисттик тартиптерге чыдай албай Америкага кетет да, ар түрдүү университеттерде сабак берет.

Логикалык эмпиризм түзөтүү

Логикалык позитивизмди көп учурда логикалык эмпиризм деп да аташат. Бул окуу Давид Юмдун жолун жолдогон окуу. Юм Кудайдын бар экендиги жана жандын өлбөстүгү жөнүндөгү метафизикалык маселелерди билем деп билермансынгандыкты четке каккан, анткени бул билермансынгандык негизденген идеялар алардын булактары болгон жөнөкөй сезимдик таасирлер аркылуу аныктала албайт. Ушундай эле жол менен Вена ийриминин мүчөлөрү эмпирикалык түрдө текшерүүгө мүмкүн болбогон ар кандай ой-пикирлерди маанисиздик катарында четке кагышкан. Алар далилдөөнүн критерийине негизденишип, метафизикалык ой жоруулар маанисиздик деп эсептешкен.

Вена ийриминин манифестинде мындай деп жазылган: «Эгерде кимдир бирөө: «Кудай бар», «Дүйнөнүн түпсебеби аң-сезимсиз нерсе болгон», «Энтелехия бар, ал тирүү жандардын жашоосунун негизи болуп саналат» деп айтса, анда биз: «Сиз айтып жаткан нерсе жаңылыш пикир» дебестен, «Сиз бул ой-пикирди эмнеге негизденип айтып жатасыз?» деп суроого тийишпиз. Ой-пикирдин эки тибинин ортосунда так ажырымдык бар сыяктанат. Бул типтердин бири ой-пикирди эмпирикалык илимде кандай түрдө айтылса ошондой түрдө өзүнө камтыйт, алардын мааниси логикалык анализ аркылуу, же тагыраак айтканда, эмпирикалык далилдер жөнүндөгү жөнөкөй ой-пикирге алып барып такоо аркылуу аныкталышы мүмкүн. Башка ой-пикирлер, жогоруда айтылган ой-пикирлерди кошо алганда, эгерде биз аларды метафизиктер колдонгон мааниде ала турган болсок, анда толук маанисиздик болуп чыгат».

Тажрыйба түзөтүү

Маанини аныктоо үчүн критерияны эрте формулировкалоо жөнөкөй айтылган ой-пикирлерди адамдардын тажрыйбасы аркылуу текшерүү менен байланышкан кыйынчылыктарга алып келет, анткени тажрыйба ар башка адамдарда ар түрдүү болушу мүмкүн. Карнап бул кыйынчылыкты чечүүнү Шлике сунуш кылган ык менен эмес, өзү сунуш кылган ык менен ишке ашыргысы келет. Ал, кээ бир ой-пикирлерди (утверждение), эгерде алар байкоо аркылуу аныкталган ой-пикирге карата белгилүү бир катыш абалында турса, анда текшерүүгө болот деп эсептеген. Бул ой-пикирди текшерүүнүн логикалык мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт. Байкоодон алынган ой-пикирди «протоколдук ой-пикир» (предложения) деп атайт. Протоколдук ой-пикир (сүйлөм) далилдер менен байланыштуу болсо да жана белгилүү бир тажрыйбаны же көрүнүштү сүрөттөсө да, алар муну, Карнаптын айтканы боюнча, тилдин (речи) материалдык ыгы түрүндө гана иштейт, башкача айткандабиз фактылар, көрүнүштөр, обьектилер менен байланышта болуп турган ык түрүндө иштейт, бул ык биздин лингвистикалык формалар менен гана ишибиз боло турган тилдин (речтин) формалдуу ыгынан айырмаланат.
Ошентип, кандайдыр бир ой-пикирди толук текшерүү — айтылган ой-пикирдин жана байкоонун текшерилүүчү бир катар сүйлөмдөрүнүн (предложений) ортосунда логикалык эквивалент бар экендигинде турат. Бул талап сынды пайда кылат, анткени ар кандай универсалдык ой-пикир, мисалы, мыйзамдар жөнүндөгү ой-пикир текшерилүү критериясынын жардамы аркылуу маанисиз болуп чыгат, анткени, окуялардын чексиз санына тиешелүү болгон кандайдыр бир сүйлөм (предложение) байкоонун сүйлөмдөрүнүн чектелген санына логикалык түрдө эквиваленттүү боло албайт. Ушундан улам Карнап бул критериядан баш тартып, далилденүүчүлүк (подтверждаемости) түшүнүгүнө кайрылат. 1936—37-жылдарда «Текшерилмелүүлүк (проверяемость) жана маани» деген макаласында ал мындай деп жазат: «Эгерде текшерилмелүүлүк дегенди акыйкаттын ачык жана биротоло аныкталышы деп түшүнө турган болсок, анда бир дагы синтетикалык сүйлөм (предложение) текшериле турган сүйлөм болуп саналбайт... Биз сүйлөмдү улам жана улам ырастай гана алабыз. Ошондуктан биз текшерүү проблемасы жөнүндө эмес далилденүүчүлүк проблемасы жөнүндө гана айта алабыз».

Сүйлөмдөр жөнүндө түзөтүү

Карнап текшерилүүчү жана ырасталуучу сүйлөмдөрдү ажыратып айырмалайт. Кээ бир сүйлөмдөрдү эгерде биз аны текшерүүнүн эксперименталдык усулун билсек, анда текшерүүгө болот, кээ бир сүйлөмдөрдү, эгерде биз алардын тууралыгын кандай шарттарда ырастоого болорун билсек, анда алар ырастала турган сүйлөмдөр. Ошентип, сүйлөм текшерүүсүз эле ырасталышы мүмкүн, анткени биз аны кайсы процедура ырастай аларын, бирок ал аны ишке ашырууга жөндөмдүү эмес экенин биле алабыз.

Карнаптык ырастоо түшүнүгү анын ыктымалдык теориясы (теория вероятностей) боюнча эмгегинин алгачкы нокоту болгон. Ал «ыктымалдык» термининин эки башка маанисин сүрөттөп көрсөтөт. Биринчиси ырасталуунун даражасына таандык жана гипотезанын жана аны ырастоочу байкоонун сүйлөмдөрүнүн ортосундагы логикалык мамилелер менен иши болот. Экинчи мааниси салыштырмалуу ылдамдыкты эсептөөдөн келип чыгуучу статистикалык ыктымалдуулук менен иши болот.

1950-жылы Карнап «Ыктымалдуулуктун логикалык негизи» деген эң башкы эмгегин жарыялайт, мында ал индуктивдик жана дедуктивдик процедуралардын ортосундагы формалдуу окшоштуктун мүмкүндүгүн изилдейт. Ошол эле убакта ал модалдык логикадагы өз изилдөөлөрүн өнүктүрөт. Семантика — тилдеги маанилерди изилдеп- үйрөнүү — азыр логиканын бардык тармагы үчүн маанилүү болуп баратканын ырастоо — Карнаптын бул эмгегинин маанилүү корутундусу болду.

Колдонулган адабияттар түзөтүү