Каңдоо (орус. пайка) - Күмүштөн, калайдан, жезден, мистен жана ушул өңдүү металлдан жасалган идиштердин, буюмдардын жыртык, тешиктерин калай, коргошун аркылуу данакерлөө. Бул — калайды да арбын пайдалануу, чайнек, чака, чөөгүн, самоор, топчунун сабагын, оймок, шакек өңдүүлөрдүн кошунду жерлерин жаракалатып карматуу. Муну карматуунун алдына ачуу ношотур — кислота менен тазалайт. Ал металлдын кирлерин жеп кетет. Демек, зергелер ширетүүдө, калайлоодо, чоюн, коргошун, коло өңдүүлөрдү колдонуу сырларын мыкты билишет.

Каңдоо

Ширетүү — темир менен темирди кошуп бекитүү.
Каңдоо — темир менен темирдин ортосуна ак данакер менен сүртүп жез коюу.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)

Ошошндой эле түзөтүү