Кеп агымы - айтымдардын тыбыштык удаалаштыгы; мааниси жактан байланышкан синтаксистик элементтерден турган интонациялык бирдиктерге (синтагмаларга) ажырайт.

Кеп агымын жиктештирүүнүн:

  • 1) сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшү менен,
  • 2) сүйлөөчүнүн айтылып жатканга карата мамилеси менен шартталган 2 тиби бар. Жиктештирүүнүн 1-тиби милдеттүүлүк мүнөзүнө ээ, анын бузулушу Кеп агымы түшүнүүнү кыйындатат (Жазуучу келе албай калгандыктан, жолугушуу болбой калды). 2- тиби милдеттүү мүнөзгө ээ эмес, вариантттары болушу ыктымал (Жазуучу келе албай калгандыктан, жолугушуу болбой калды же Жазуучу келе албай калгандыктан, ң жолугушуу ң болбой калды).

Кеп агымын синтаксистик жиктештирүү синтагмалык жиктештирүү менен дал келе бербейт, маселен, жөнөкөй сүйлөм эки синтагмадан турушу ыктымал, ал эми татаал сүйлөмдө бир гана синтагма болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4