Кербен (шаар)

Кыргызстандагы шаар, Аксы районунун борбору

КербенКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы шаар жана райондун борбору.

Шаар
Кербен
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Жалал-Абад облусу

If:

Аксы району

Мэр

Эрнист Зияйдинов[1]

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1930

Мурунку аталышы

Караван

Аянты

0,99

Бийиктиктиги

1 200

Калкы
Расмий тили

Кыргыз тили

Калкынын саны

29 792 (2020)

Жыштыгы

адам/км2

Улуттук курамы

Кыргыздар (88,5%),
Өзбектер (10,1%),
Башка улуттар (1,4%)

Диний курамы

ислам, христиан

Этнохроним

Кербендик, Кербендиктер

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Телефон коду

+996 (3742 шаардык)

Автоунаа коду

04, D

Kerben.aksy.kg

ААББТ коду ― 41 703 211 610 010[2].

Калкы — 29 792 адам (2020-жылы).

Географиясы түзөтүү

 
Ныязалы көчөсү, Маданият үйүнүн жанындагы, куралдуу күчтөрдүн зоотолгон техникасынын эстелиги

Кербен шаары Жалал-Абад облусунун борбору, Жалал-Абад шаарынан 220 км, Таш-Көмүр шаарындагы темир жолдон 60 км аралыкта, облустун түндүк-батыш тарабында жайгашкан.

Аксы районунун борбору болуп эсептелет. түштүк–батыш тарабынан Өзбекстан Республикасы, түштүк–чыгыш тарабынан Кош-Дөбө айыл аймагы, түндүк тарабынан Жерге-Тал жана Кашка-Суу айыл аймактары менен чектешет.

Чек ара сызыгынын узундугу – 44 км., чечилбегени – 7,7 км. Ички асфальт жолдун узундугу – 42 км. Тротуарлар – 22 км. Чарбалар аралык канал – 54 км., ички каналдар – 47 км., ички арыктар – 214 км. Шагал, топурак жолдор – 101 км. Электро линиянын узундугу – 48 км. Суу түтүктөрү – 49 км.

Аймактык рельефи тоолуу, климаты чукул континенталдуу ,жер ачык, күрөң коңур. Жалпы аянты – 16746 га, айыл чарба багытында – 10379 га, бардык айдоо жер – 3275, суулу – 1832, кайракы – 1443, үлүшкө берилген жерлер – 2658 га, суулуу – 1123 га, кайракы – 1535 га

  • Күлүк-Дөбө – 443,84 га
  • Ак-Дөбө – 699,82 га
  • Жетиген – 383,84 га
  • Беш-Коргон – 432,72 га
  • Питомник – 110,0 га
  • Курулуш – Мамай – 600,0 га

Тарыхы түзөтүү

Шаар 1930-жылы; Караван кыштагы болуп негизделген, 2004-жылдын 4-октябрда кыштакка шаар статусу берилип, аталышы Кербен болуп өзгөрүлгөн.

Аксы районунун Кербен айылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 04.10.2004-жылдагы № 174 Мыйзамына ылайык Кербен шаарынын статусун алган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-ж. № 451 токтомунун негизинде Кербен шаар башкармасы Кербен шаарынын мэриясы болуп өзгөргөн.

Мэрлери түзөтүү

  • Нарматалы Эсеналиев[3][4] 1-фестиваль, 2017 — 2023
  • Эрнист Зияйдинов[5] 14-март, 2023 — азыркы учурда

Белгилүү инсандары түзөтүү


Калкы түзөтүү

жылы 1939 1959 1970 1979 1989 1999 2009 2010 2013 2015 2017 2020 2021 2022
адам. (миң) 2007 2978 5879 9713 11649 13929 14100[6] 14141 15400 25112 28300[7][7]. 29792[8]

Калктын саны – 25112, кожолуктун саны – 6263 (эркектер – 12716, аялдар – 12396)

  • кыргыз – 22172
  • өзбек – 2533
  • орус – 178
  • тажик – 86
  • татар – 52
  • украин – 36
  • башка улуттар – 55

Окуу жайлары түзөтүү

Мектептер : жалпы орто – 9, негизги – 1

  • Ж.Бөкөнбаев – 72 – мугалим, 1025 – окуучу
  • С.Качыкеев – 24 – мугалим, 256 – окуучу
  • Т.Уметалиев – 62 – мугалим, 995 – окуучу
  • В.Д. Линский – 17 – мугалим, 189 – окуучу
  • К.Өмүралиев – 17 – мугалим, 112 – окуучу
  • А.Жоробеков – 39 – мугалим, 443 – окуучу
  • Н.Мамбетов – 49 – мугалим, 725 – окуучу
  • А.Бегимкулова – 20 – мугалим, 196 – окуучу
  • Мамай – 11 – мугалим, 54 – окуучу
  • Ж.Мавлянов – 57 – мугалим, 586 – окуучу

Атайын окуу жайлар :

  • № 69 – кесиптик лицей – 14 мугалим, 12 устат, 160 окуучу,
  • АПФ ЖАМУ – 26 мугалим, 410 – окуучу

Мекемелер жана ишканалар түзөтүү

Балдар бакчалары – 8

  • № 1 «Жеткинчек» – 23 – тарбиячы, 227 – балдар
  • № 2 «Келечек» – 27 – тарбиячы, 205 – балдар
  • № 3 «Бүчүр» – 20 – тарбиячы, 145 – балдар
  • № 4 «Таң-Шоола» – 12 – тарбиячы, 54 – балдар
  • № 5 «Наристе» – 11 – тарбиячы, 73 – балдар
  • № 6 «Ак-Куу» – 15 – тарбиячы, 104 – балдар
  • № 7 «Алтын балалык» -14- тарбиячы, 55 – балдар
  • № 8 «Ак-Дөбө» -100-орундуу 2015-жылдын май айында ишке кирген.

Китепканалар – 13: райондук – 2, айылдык – 3, мектеп арасында – 8. Мончо : коомдук – 5, менчик – 124. Саламаттыкты сактоо мекемелери : Аймактык оордукана – 1. Мекеме ишканалар – 63 АЗС – 5 Скважиналар – 8 Атайын таштандыларды төгүүчү жай – 1 Базар муниципалдык менчикте – 1, жеке менчик – 4 Мечиттер – 12 Вет. сервис – 2 Тех. сервис – 2

Өнөр жай ишканалары түзөтүү

  • Мөмө кургатуучу цех – 23
  • Машина оңдоочу жай – 10
  • Жыгач иштетүүчү цех – 6
  • Пилорама – 5
  • Ширетүүчү цех – 3
  • Тегирмен – 4
  • Май чыгаруучу цех – 4
  • Пахта тазалоочу цех – 2
  • Винцех – 1
  • Сүттү кайра иштетүүчү цех – 1
  • Пластик чыгаруучу цех – 3
  • Тигүүчү цех – 4

Булактар түзөтүү

http://www.nazarnews.kg/news/1661 Archived 2017-06-06 at the Wayback Machine

https://www.super.kg/mobile/kabar/news/142221/

https://sputnik.kg/society/20161208/1030674607/akysyz-ehlektr-ehseptegichter.html

Колдонулган адабияттар түзөтүү