Кибернетика (байыркы грек. κυβερνητική - башкаруу искусствосу) – жалпы мыйзамдардын башкаруучулук байланыштарынын объекттери жөнүндөгү илим. Ал маалыматты кабыл алганга, эстегенге жана кайра иштеткенге жөндөмдүү.

Кибернетика өзүнчө илим катары калыптанып жана электрондук-эсептөө техникасынын пайда болуп, өнүгүшү менен кошо өнүккөн. Кибернетиканын өзгөчө жоболорун америкалык окумуштуу Норберт Винер 1948-жылы «Кибернетика» деген китебине жазып чыккан. 50–60-ж. Советтер Союзунда кибернетиканы изилдөөнүн жетекчиси жана демилгечиси Аксель Иванович Берге болгон. Кибернетиканын теориясына жана прикладдык кибернетикага чоң салымын (АН СССР жана АН УССР) Виктор Михайлович Глушков кошкон. Учурда кибернетика техникалык, экономикалык, педагогикалык ж. б. деп бөлүнөт.

Кибернетикалык подход көп, бири-бири менен байланышкан объекттерди изилдөөдөн келип чыккан. Мындай мамиле жалпы илимдик методикалык изилдөө жана башкаруу, анын өнүгүшү системалуу мамиле болгон. Системалык анализ татаал кубулуш, процесстер, жаратылыштын объекттери жана коомчулук түзүлүшү жана иштеми, анан да синтез – жаңы системалоо жана моделдөө болуп саналат.

Педагогикалык кибернетика – окутуу-тарбиялоо процессиндеги оптималдуу башкаруу жөнүндөгү илим, педагогика система менен, окутуунун технологиясы, кибернетикалык жакындоонун негиздери жана эсептөө техникаларынын колдонулушу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004