Китч же Кич (Kitsch) – бул көбүнесе сырткы көрүнүштүн экстраваганттуулугуна, курч көрүнгөнүна маани берген массалык маданияттын бир түрү болуп саналат. Массалык маданияттын бир элементи катары эстетикалык баалуулуктардан абдан эле узакта турат. Китч дизайнга тиешеси болгон дээрлик бардык тармактарда кездешет. Ошол эле учурда КИТЧти өзүнчө бир жаңы агым, же жаңы тендецияларды алып келген агым катары эмес, болгону буга чейинки стиль жана баалуулуктарды өнүктүрүп, башкача ыкма менен гана көрсөткөн стиль катары кабыл алгандар бар.

Бакчалардагы бул курчактар КИТЧге мисал боло алат.

Китч термини немис тилинен алынып, 19-кылымдын 60-70-жылдары Мюнхен шаарынын базарларында алгач пайда болгон деген божомолдор бар. Бул термин арзан, бат алынып кетүүчү картиналар үчүн колдонулган.

Китч стилинин негизги өзгөчөлүгү да анын арзандуулук менен байланышта болушунда . Себеби КИТЧ стилинде көрүнүү үчүн анчалык көп акчанын керги деле жок. Болгон арзан бир буюмдарды сатып алуу менен КИТЧ катары өзүн көрсөтүү толук мүмкүн. Бирок баардык эле адам арзан буюмдар менен өзгөчөлөнө албайт. Андыктан КИТЧ стилин колдонуу дагы өзүнчө билимди, тажрыйба жана дизайнердик искусствону талап кылат.

Китч кандайдыр бир мааниду буга чейинки бардык стилдердин карама-каршысында турат. Бул стилде белгилүү бир эреже жок, чектөө да жок. Болгону жасалган иштин катуу чакырык жасаган, өзгөчөлөнгөн болушу керек.

Айрым адистер арасында КИТЧ стилинин башталашын, бүтүшүн айтуу кыйын экендигин, бул стиль болгон жана боло берет деген түшүнүктү кармангандар бар.

КИТЧ Модада

КИТЧ тин кеңири жайылган тармагы бул кийимдер болуп саналат. Каралардын ичинде ак болуп көрүнүү, актардын ичинде карага айланууну каалаган көбүнчө жаштардын багыты. КИТЧ стилиндеги кийимдер баалуу болгон менен катар эле абдан арзан буюмдардан жасалышы мүмкүн. Мисалы, эскирип калган, айрылып калган буюмдар деле КИТЧ стилиндеги кийимдерди түзүүгө абдан ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши мүмкүн.

КИТЧ Архитектурада

Архитектурада китч акыркы мезгилдерде чыга баштады. Бул жерде курулуп жаткан имараттардын башка имараттардан абдан эле айырмаланып турат.

КИТЧ Интерьерде

Интерьердеги КИТЧ ар бир адамдын, ар бир үй ээсинин фантазиясына жараша болот. Бул стилде көбүнесе нигилизм түшүнүгү кеңири жайылат. Буга чейинкилерди четке кагат.

КИТЧ Адамдын табиятында

Айрым адистер билдиришкендей, КИТЧ ке көбүрөөк көңүл бурган адамдар менен катар эле табиятынан КИТЧ адамдар бар. Алар төрөлгөндөн баштап эле буга чейинки эрежелерди четке кага башташат.