Колдонуучу:Mairam 2024/Качкынбаев Надырбек

Качкынбаев Надырбек
Туулган датасы:

11.10.1949-жыл

Туулган жери:

Жалгыз-Жаӊгак айылы, Сузак району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССри, СССР

Жарандыгы:

 ССРС Кыргызстан

Качкынбаев Надырбек – окумуштуу агроном, айыл чарба илимдеринин кандидаты, Жалал-Абад Айылдык кеӊеш кызматы коомдук фондунун мурдагы директору, учурда облустук эксперт-адиси, насаатчысы.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Надырбек Качкынбаев 1949-жылы 11-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жалгыз-Жаӊгак айылында туулган. 1966-жылы мектепти аяктап, Фрунзедеги К.И.Скрябин атындагы Айыл чарба институтуна тапшырып, аны 1971-жылы бүтүргөн. 1982-жылы Ташкентте Айыл чарба илимине кандидаттык диссертациясын жактаган. [1]

Надырбек Качкынбаев айыл чарба өндүрүшү, пахта өстүрүүдө жер семирткичтерди пайдалануу жана которуштуруп айдоо технологиясы, органикалык чарба жүргүзүү боюнча бир катар илимий эмгектин автору.

Анын жаш адистерди тарбиялоо, коллектив менен иштешүү, башкаруу жана менеджерлик чеберчилиги жогору. Бюджетти башкаруу, финансылык ачык айкындуулукту камсыз кылуу, ишкананы өнүктүрүү, өстүрүү аракети жана демилгеси өз жыйынтыгын берип келет.

Ишмердүүлүгү түзөтүү

1971-1972-жылдары “Көк-Арт” совхозунун агроному;

1972-1974-жылдары “Көк-Арт” совхозунун бригадири;

1974-1975-жылдары пахтачылык станциясынын кичи илимий кызматкери болуп – илимге карай эмгегин баштайт. Анда негизги жоопкерчилиги эксперименттерди жүргүзүү, өсүмдүктүн фенологиясына байкоо жүргүзүү жана эксперименттердин экономикалык анализин алып баруу;

1975-1979-жылдары Кыргыз илим-изилдөө институтунда аспирант болуп – түрдүү (азот) жер семирткичтердин жер кыртышына таасирин изилдөө менен өсүмдүктөрдүн  жана жер кыртышынын агрохимиялык анализин жүргүзгөн;

1979-1985-жылдары Пахтачылык боюнча Кыргыз тажрыйба станциясында улук  илимий кызматкер катары – пахтага минералдык жер семирткичти колдонуудагы эксперименттерди жүргүзүү жоопкерчилиги болгон;

1986-1991-жылдары Ош облусунда айыл чарбада химиялаштыруу долбоордук-изилдөө станциясынын директору болгон. Андагы негизги кызматы – Ош облусу боюнча жер кыртышынын агрохимиялык картасын түзүү, облусту минералдык жер семирткичтер менен камсыздоону пландаштыруу эле;

1991-1992-жылдары Жалал-Абад облустук кеӊешинде агрардык бөлүмдүн башчысы катары – облустук кеӊешке агрардык маселелер боюнча даярдыктарды жана өзгөртүүлөрдү сунуштоо кызматын аркалаган;

1992-1998-жылдары  Жалал-Абад облустук «Кыргызсельхозхимия» бирикмесинин башчысы кызматында – облусту жер семирткич, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары менен камсыздоодо жылдык операциялык планды түзүү жана аткарууну көзөмөлдөө болгон.

1991-2000-жылдары Жалал-Абад Айылдык кеӊеш кызматында агрономия боюнча тармактык адис катары – жылдык планды иштеп чыгуу; райондук консультанттардын жоопкерчилигин бөлүштүрүү; аларды колдоо; презентацияларды даярдоо; ички, сырткы мониторингди жүргүзүү; долбоорлордун бюджетин түзүү, анын аткарылышын көзөмөлдөө жана отчётторду жасоо милдеттерин аткарган;

2001-2013-жылдары Жалал-Абад Айылдык кеӊеш кызматында аймактык менеджери катары – анын жылдык планын түзүп, бюджетин бекитип, буйрутмачылар менен келишимдерди түзүп ишкананын финансылык ишмердүүлүгүн үзүлтүксүз камсыздап жана чыгашасын көзөмөлдөө менен ЖА АККнын ишмердүүлүгүн жүргүзгөн.

2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “БУУнун аялдар” долбоорунун колдоосундагы “Менин кирешелүү чарбам” долбоорунун жана башка бир катар долбоорлордун координатору болуп эмгектенип келет.

Билими жана тажрыйбасы түзөтүү

Окумуштуу агроном Надырбек Качкынбаев 1982-жылы Ташкент шаарында Айыл чарба илими боюнча кандидатык диссертациясын жактаган. Ал Эл аралык жана жергиликтүү жүздөгөн окуу курстарына жана тренингдерине катышып, өткөрүп келет. Алардын айрымдары:

1990-жылы Болгариянын София шаарында менеджерлер курсун окуган;

1994-жылы АКШдан “Айыл чарбадагы рыноктук мамиленин өнүгүшү” боюнча стижировкадан өткөн;

2002-жылы Латвияда Борбордук жана Чыгыш Европадагы окутуу, кеӊеш берүү кызматы жөнүндө өткөн 3-Эл аралык конференцияга катышкан.

Мындан сырткары Н.Качкынбаев бир катар илимий иштердин жана китептердин автору: түзөтүү

- Которуштуруп айдоодо жер семирткичти колдонуу менен пахта буласынын сапатын арттыруу (1976-жыл, Москва);

-Которуштуруп айдоо талааларында жер семирткичтин сиӊимдүүлүгүнүн таасири (1977-жыл, Целиноград);

- Пахта менен бедени которуштуруп айдоодо жер семирткич колдонуу (1979-жыл, Фрунзе);

- Биз минералдык жер семирткичти кантип пайдаланабыз (1979-жыл, Фрунзе);

- Азот жер семирткичинин пахта өндүрүүдөгү жетилүү мезгилине таасири (1979-жыл, Фрунзе);

- Азот жер семирткичинин пахта менен бедени которуштуруп айдоодо эффективдүү колдонуу (1984-жыл, Фрунзе);

- Кыргызстанда азот жер семирткичин системалык колдонуу менен пахта өндүрүүдөгү пайдалуулугу (Айыл чарба илимине кандидаттыгына диссертациялык илимий изилдөө ишиндеги авторефераты – 1982-жыл, Ташкент);

- Жер семирткичтин пахта менен бедени которуштуруп айдоодо колдонуу системасы жана анын сиӊимдүүлүгү (1981-жыл, Москва);

- Азот, фосфор, калийди пахта менен бедени которуштуруп айдоодо колдонуу балансы (1981-жыл, Фрунзе);

- Гумус менен азоттун курамынын пахта менен бедени которуштуруп айдоодогу таасири (1981-жыл, Фрунзе);

- Түштүк Кыргызстанда пахта менен бедени которуштуруп айдоодо жер семирткичтердин аныктоочу таасири жана шарты (1980-жыл, Моксвва);

- Азот жер семирткичинин айрым азот формасынын түзүлүшүнүн пахта өндүрүүдөгү пайдасы (1980-жыл, Фрунзе);

- Тоюттун айрым түрлөрүнүн толук кандуулугун артыруу жана аны Ош облусундагы чарбада жакшыртуу  (Колдонмо маалыматтык материал 1990-жылы);

- Ош облусунда жер семирткичтин эффективдүүлүгүн арттыруу (1991-жылы);

- Пахтанын 16 сортун сыноо (2000-жылы);

- Фосфор менен калийдин пахтанын түшүмдүүлүгүнө тийгизген таасири (2000-жылы);

- Органикалык пахта өстүрүүгө өтүү (2001-жылы);

- Вируссуз картофелдин үрөнүн өстүрүү (2001-жылы);

- Үрөндүн сапаты жана аны аныктоо (2001-жылы);

- Пахтаны импульстук ыкма менен суугаруу (2002-жылы);

- «PTD in the Kyrgyz Republic with special reference to the Rural Advisory and    Development Service in Jalal-Abad oblast» Advancing Participatory Technology Development (2003-жылы, соавтор);

- Убакытты рационалдуу пайдалануу (райондук консультанттарга колдонмо) 2004-жыл;

- Парник өстүрүү (2008-жылы);

- Эрте картошка (2008-жылы);              

- Гиссар койлорун өстүрүү (2009-жылы);

- Ишкердикке жол (2009-жылы);

- Томат өстүрүү технологиясы (2009-жылы);

- Кайракы жерде мисте өстүрүү (2010-жылы);

- “Менин кирешелүү чарбам I, II” (2014, 2017-жылдар соавтор).

“Менин кирешелүү чарбам” долбоору менен Кыргызстандын ар кайсы аймагында мектеп окуучуларына чарба жүргүзүүнү, мектептердин менчигиндеги жер тилкелерин рационалдуу пайдалануу менен балдарга табыйгый азыктарды жетиштирүүнү үйрөттү. Окуучулар үйүндөгү короолоруна парник жасап, көчөт сатышып же аны өстүрүп мөмө жетиштирүүнү кызыгуу менен аткарышты жана киреше табышты. Окуучулардын алган билимдери жана алардын айрымдарынын жетишкендиктерин чагылдырган “Менин кирешелүү чарбам” китебинин авторлорунун бири. Учурда аталган китеп 9-10-класстын окуучулары үчүн кошумча окуу китеби катары колдонулат.  

Надырбек Качкынбаев тарыхын түптөгөн, башатын баштаган кызматкер катары алыскы жакынкы  өлкөлөргө барганда ЖА АККнын Кыргызстандын айыл чарбасында жараткан, жайылкан жаӊылыктарын, жетишкендиктерин презентациялап келет.

Андан сырткары ЖА АККнын бүгүнкү жетишкендиктеринин артында Надырбек Качкынбаевдин насаатчылыгы, көрөгөчтүгү менен тажрыйбасы аркылуу чоӊ эмгеги турат.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Үй-бүлөлүү, 4 баласы бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Жалалабат облусу: Энциклопедия / Башкы ред.: Ү. Асанов; Редкол.: Ж. Шарипов, А. Акпаралиев, Б. Асанбеков. - Б. : [б. и.], - 2003. ISBN 5-89750-159-9