Колика б.-грек. κωλικη (νόσος) — ички органдардын ооруларынын кесепетинен күтүлбөгөн жерден сайгылашып же сыздап катуу оорушу менен мүнөздөлгөн ички органдардын спазмы.

Оорудун түлөрү түзөтүү

Колика ичегилердин, өт жолдорунун, уйку безинин, заара бөлүп чыгаруучу органдардын булчуңдарынын катуу жана тез-тез жыйрылуусунан, кысылуусунан пайда болот. Айрым учурда ичегиге жел толгон мезгилде да колика болушу мүмкүн. Бул жел коликасы деп аталат. Себептерине жараша: ичеги, уйку без, өт ташынын жана бөйрөк ташынын коликасы деп бөлүнөт.

Ичеги коликасына сокур ичеги (аппендицит) коликасы кирет. Оорунун бул түрүн сокур ичегинин сезгенишинен (аппендициттен) айрып билүү зарыл. Анткени бул ооруда операция талап кылынбайт, өзүнчө же дарынын жардамы менен тарап кетет. Өт ташынын коликасы негизинен өт баштыкчасында же өт жолдорунда пайда болгон таштардын ары-бери жылып же тар жерине тыгылып калышынан пайда болот. Бул кезде оң кабырганын алды чыдатпай сайгылашып, катуу ооруйт, оору оң далы, колго өтөт. Айрым убакта сары зил кустурат. Өт коликасы бир сааттан бир нече саатка, кээде бир суткага чейин созулушу мүмкүн. Бөйрөк ташынын коликасы бөйрөктүн таш ооруларында, көбүнчө таш бөйрөктүн заара агуучу түтүгүн бүтөп калганда болот. Бул кезде бөйрөктүн тушу сайгылашып, чыдатпай катуу ооруйт, табарсык жана жан жер кошо какшайт. Уйку безинин коликасы ал бездин сезгенген оорусунда (к. Панкреатит[1]) пайда болот. Киндиктин тушунан башталып, белди курчап оорутат, кустурат. Колика өзүнчө оору болбостон жогоруда аталган оорулардын белгиси болуп саналат.

Дарылоо түзөтүү

Коликаны басуу үчүн аны пайда кылган негизги ооруну дарылоо талап кылынат. Мындай приступ болгондо оорулууну тынч жаткырып, тезинен догдур чакыруу зарыл. Догдур келгенче ооруну басаңдатуучу дары ичүү, жылуу басуу жана башка түрдүү кабылдоого алып келет, оорунун диагнозун табууну кыйындатат. Ошондуктан өзүнчө дарыланууга тыюу салынат.

Шилтемелер түзөтүү

  1. Панкреатит

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8