Компилятор (англисче сompiler), транслятор – ЭЭМдин алгоритмди программалоонун бир тилинен экинчисине, б. а. машина тилине автоматтык которууга арналган программасы. Эгерде интерпретатордо ЭЭМге киргизилип жаткан программанын ар бир буйругу (оператор) киргизилери менен машина тилине которулса, ал эми Компилятордо программа толук киргизилгенден кийин гана машина тилине которулатынча Компилятор баштапкы программаны объективдүү программага которуу учурунда баштапкы программанын синтаксиси жана эсептөөдө же салыштырууда колдонулуучу берилиштер программада аныкталгандыгын текшерет. Компилятор баштапкы коддо жазылган программадагы программалоо тилинин эрежелери жана синтаксиси бузулган көрсөтмөлөр тизмесин түзөт. Тизме баштапкы программада зарыл болгон оңдоолорду жүргүзүүгө жана программаны түзөтүүдө программачыга жардам берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү