Копенгаген (дан. København [kʰøb̥ənˈhaʊ̯ˀn]   / [кхёбэнха́ў’н], лат. Hafnia) – Дания Королдугунун борбору (1443-жылдан). Эресунн булуңунун оң жээгинде, Зеландия жана Амагер аралында жайгашкан. Калкы 600,0 миң (2003; Чоң Копенгаген агломерациясында 1,5 млн; өлкөнүн калкынын 30%и). Алгач 1043-жылдан Хавн (гавань) тургун жайы катары эскерилет. 1167-ж. епископ Абсалон аны айланта сепил жана чеп курдурткан. 1170-жылдан Копенгаген аталат. 1186-жылдан 1416-ж. чейин (үзгүлтүк менен) Роскилльск епископтугунун курамында болгон. Копенгаген 1254-ж. шаар статусун алган. 1443-жылдан король резиденциясы. 20-кылымда Копенгаген ири өнөр жайлык борборго айланган. 1940-ж. апрелде немис фашисттер басып алган, бирок 1945-ж. 5-майда бошотулган. Копенгаген – Даниядагы гана эмес Скандинавия өлкөлөрүндөгү эң ири соода-өнөр-жай борбору. Машина жана станок куруу, металл иштетүү, электртехникалык, химиялык, фарфор, текстиль, тигүү өнөр-жай ишканалары иштейт. Университеттер, техникалык жогорку мектеп, ветеринария жана айыл чарба король жогорку мектеби, консерватория, инженердик, музыка, искусство академиялары, калк китепканасы, көптөгөн музейлер (сүрөт, улуттук ж. б.) театрлар, Карлсберг жаңы глиптотекасы (скульптура топтому) бар. Шаардын эски бөлүгүнө кууш ийри көчөлөр мүнөздүү. Биржа, Росенборг аңчылар, Шарлоттенборг (17-кылым), Кристиансборг (18-кылым) ак сарайлары сакталган.

Копенгаген
дан. København
Өлкө

Дания

Облус түрү

Облус

Облус

Ховедстаден

мэр

Франк Йенсен

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1167

Биринчи белгиленген

XI кылым

Аянты

86.20

Климатынын түрү

деңиздик

Калкы
Калкынын саны

569 557 (2014)

Жыштыгы

6214,7 адам/км2

Агломерациясы

1937 611

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+1

http://www.kk.dk/

Колдонулган адабияттар түзөтүү