Николай Кузанский

Кузанский, Николай‎»‎ барагынан багытталды)

Кузанский Николай (1401—1464) — алгачкы Кайра жаралуунун эң жаркын өкүлдөрүнүн бири. Өзүнүн чыгармачылыгында ал орто кылымдын маданий мурасы менен Ренессанстын жаңыдан жаралып келе жаткан маданиятын бириктирген. Түштүк Германияда туулуп-өскөн, Падуи университетинде окуп, кардиналдык наам да алган.

Николай Кузанский.

Философиялык изденүүлөрү түзөтүү

Анын философиялык изденүүлөрү математика жана табият таануу жагындагы изденүүлөр менен айкалышып, бири-бири менен тыкыс байланышып турган. Мындан башка да анын чыгармачылыгында философиялык жана теологиялык маселелер тыкыс байланышкан.

Николай Кузанский көптөгөн чыгармаларды жазган, алардын ичинен «Биле турган билимсиздик» жөнүндө эмгеги эң биринчи жана эң олуттуусу. Мындан башка да ал «Карапайымдын» төрт диалогун жазган, мында эл арасынан чыккан адамдын акылмандыгы ачып көрсөтүлөт, ал эми «Акыл кенчин издөө» деген эмгеги Диоген Лаэртскийдин «Философтун өмүр баянын» окугандан кийинки ой жүгүртүүлөрүн камтыйт.

Философиялык көз караштары боюнча Николай Кузанскийди, анын чыгармачылыгына башка агымдар, мисалы пифагореизм, антик ойчулдары таасир көрсөткөн болсо да, платониктерге таандык кылса болот. Ошол эле убакта Николай Кузанский белгилүү бир даражада өз алдынчалыгы бар философ болгон, бул анын гуманизмге таандык болгондугу менен аныкталган.

Чыгармаларынын философиялык проблемалары түзөтүү

 

Николай Кузанскийдин чыгармаларынын философиялык проблемалары дүйнө менен Кудайдын өз ара мамилелери жагындагы маселелер менен тааным маселелерин камтыйт. Ал пантеисттик позицияда турган, чексиз жан катарындагы Кудайды чектүү дүйнө менен жакындаштырып, Аны дүйнөдө — потенциалдуу чексиздикте көрүнө турган актуалдуу чексиздик катарында түшүнөт. Николай Кузанский эманациянын неоплатондук принцибин Кудайдын дүйнөдө чагылып көрүнүшүн жана Анын кайрадан кемишинин көрүнүшүн аныктамалоо үчүн колдонот, Аны дүйнөлүк жан менен жандандырылган организм катарында кабыл алат. Мына ошентип, Кузадан чыккан Николай креационизм идеясын кабыл албайт. Адамды ал макрокосмоско окшош микрокосмос катарында карайт. Николай Кузанскийдин пикири боюнча адам өзүндө жердеги жана теңирлик нерселерди бириктирип турат. Николай Кузанский адам жаратылышты толук таанып-билүүгө жөндөмдүү деп эсептеген, бул таанып-билүү — сезим, кыялдануу, дээр жана акыл-эс аркылуу ишке ашырылат. Сезимдик тааным — таанымдын алгачкы баскычы, ал акыл-эс аркылуу тартипке келтирилет. Муну менен бирге Николай Кузанский математикага чоң маани берет.

Эгерде дээр-зээн сезимдик тааным менен байланыштуу болсо, акыл-эс андан эркин турат. Акыл-эс адамдын аң-сезиминин эң жогорку теориялык жөндөмдүүлүгү, ал карама-каршылыкты ачып-табууга, аны түшүнүп-аңдоого жана аны жеңип чыгууга багытталган. «Акыл-эс, жаратылыш ага абстрактуу ойломго жол койгондо бүткүлжалпылыкты, өлбөстүктү жана үзгүлтүксүздүктү гана биле алат» [Танд. филос. чыгарм. М., 1937. 154-6.].

Идеялары түзөтүү

Николай Кузанскийдин айткан айрым идеялары философиянын андан аркы тарыхында гана өнүгүүгө ээ болгон. Мисалы, ал бардык нерселер карама-каршылыктардан турат деген идеяны айткан. Мындан башка да ал Аристотелдин карама-каршылык принцибине олуттуу түрдөгү каршы пикирди көтөрүп чыгат. Ал карама-каршылыктардын өз ара дал келиши жөнүндөгү идеяны сунуш кылган. Кудай — карама-каршылыктын эң ачык-айкын синтези, анткени, Ал бир жагынан бардык жерде болуп турат, ошондуктан ал бардык нерседен көрүнөт, экинчиден, Ал белгилүү бир конкреттүү жерде болуп турбайт, башкача айткандаАл — жок нерсе. Адам да карама-каршылыктардын синтези: дене катарында анын жашоосу чектелүү болот, ал эми өзүнүн руханий көрүнүштөрү жагынан ал чексиз.

Акыйкат проблемасы түзөтүү

Акыйкат проблемасы да Николайда карама-каршылыктар проблемасы менен байланышкан, акыйкатты ал жаңылыштык менен тыкыс байланышта түшүнүп, жарык үчүн көлөкө кандай талап кылынса жаңылыштык да акыйкат үчүн ошондой эле талап кылынат деп ойлогон. Ал, чыныгы маңыздарды таанып-билүү мүмкүн эмес, бул тааным аздыр же көптүр так элестетүүлөр аркылуу ишке ашырылат деп эсептеген. Николай Кузанский билимдүү билимсиздик концепциясын коргогон: эң терең билим да билимсиздикти жок кыла албайт. «Өзүнүн билимсиздигин билген адам гана чыныгы билген адам»,— дейт ал. Тааным процесси бизди таанылып-билинбей турган абсолютка жакындатуучу жол менен жүрө ишке ашат, Кудайды таанып-билүүгө болбойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү