Бул — ортосу бириктирилген кош көздүү баштык. Ал ар кандай көлөмдө жасалат. Орточо куржундун бир көзү 50x50 см келет. Аны айланта «милте» (жээк) коюп, чети жана бурчтары чачыланат. Бул килемден да жасалат.

Куржундун килиттери болот. (Килиттөө — куржундун көзүн топчулоо). Ал төрт кат чыйратылган жиптен жасалат. Көчкөндө тайлакка, тай, кунанга чакан куржун теңдеп коюу салты болгон. Азыр малчылар үчүн аны турмуш тиричилигинде колдонуу, ат үстүнө такай сала жүрүүнүн мааниси зор. Орточо терме куржунга 38 түгөйлүү жип кетет. Мында бир талдан жаңылса, көчөт түшпөй калат.

Куржунда тизгич сымал энсиз «кыюуну» четине алып, алардын ортолоруна чалма менен «аламыч» (көчөттөрдү бири-биринен айырмалай турган өзүнчө түр) түшүргөндө жакшы кооздук берет. (Чалма — бул өзүнчө өнөр, ал кол башында жүзөгө ашат. Эгер ак-кара жиптен болсо, бирөөнү оңго, бирөөнү солго чыйратып чалганда, көркөм таңдай болот.)

Килем куржундун ортолук көчөтү төрт чарчыланып, ичин «кочкорек көчөтү» ээлейт да, анын өзөгүндө «ала мончок» болот. Ал — көркөм көчөттөрдүн араларын бири-биринен ажыратат. Алардын жүзүн ачат. Ал кийиз буюмдарына түшкөн «аламачы» саймалардагы «сууну» элестетет. Килем куржунга көчүрүлгөн кооздукту башкараак берүүгө да мүмкүн. Буюмдун чок ортосунда «сегиз жылдыз» орун алат. Ал «тогуз дөбө» деп да аталат. Алардын учтарына карадан «сыңар мүйүз» (жарым кочкорек) түшөт. Буюмдун четине кара-кызыл өңдө — «кочкорек көчөтү» түшкөн буюмдар, албетте, чырайлуу көрүнөт. Мунун килити чыйрак чыйратылган кара жиптен чалынат да, анын төрт жеринде топ чачысы болот. Килем куржундагы көчөт араби килемдин согуу ыкмаларында да байкалат. Анын ортосунда ак-сарыдан төрт бурч «ала мончогу» келет. Анын этегине үч-төрт жерине барпайган «топ чачык» чыгарып койсо, буюм кооз көрүнөт.

Килемден токулган «куржун», «текче» (баштык), «бокчо», «чавадан» өңдүүлөр үчүн көркөм тандоодо биринин кооздугун бири толуктап турат. Тигил-бул буюм үчүн андай түрлөрдү алмак-салмак түшүрө берүүгө болот. Мында үлгүнүн жердиги көк-кызылдан тандалып, ортолук көчөттөрдүн арасына сарыдан «ала мончок» түшүрүп, четтерине да тумарчаланган көчөттөр келтирилсе, андай майда кооздуктары жашылдан берилген «ийрек» (ала мончок сыяктуу килем көчөттөрдүн ажарын ачып турган түр) болуп турат. Анын куржун килиттери, чачыктары эшилген чыйрак кара шоонадай болот. Куржундун эки көзүнүн ортосунда «омуртка», «ашкана» көчөттөрү берилүүсү да тийиш. Мында буюмдун төрт-алты жеринде «топ чачысы» чыгат. Же төкмө чачылап койсо да жарашат.

Селкилердин куржуну — кыздын куржуну, бозойдун куржуну (жигиттин куржуну, мырза куржун) деп эки түрдүү жасалат. Куржунда жети жиптүү «чагармак көчөтү» түшүп, ал көк-кызыл өңдө берилип, четтеринде «чычкан изи» бар. Анда ак-кара түс мүнөздүү көрүнүп, түрдүү жиптер менен күзүктөө аркылуу терме көчөтсүз эле аркак өткөрүп согуу ыкмасы да колдонулат. Куржун кара-ак жиптен согулуп, жиби кезектеле ийрилет.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)