Кызамыквирустар козгоочу катуу кармама жугуштуу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер, айрыкча 2 — 10 жаштагы балдар ооруйт. Инкубациялык мезгили 16—21 күн. кызамык оорудан вакцинация албаса адам отуп кетет

Кызамыкты козгоочу вирус

Кызамыктын белгилери түзөтүү

Оору көбүнчө билинбей башталат: мурдунан бир аз суу куюлуп, жөтөлөт, тамагы кызарат, кээде эти бир аз ысыйт. Моюн, желке, лимфа түйүндөрү шишип ооруйт. 1 — 2 күндөн кийин бул белги күчөп, бүт денесине чыбырчыктар чыга баштайт, температурасы 38—39°ка чейин жогорулайт. Чыбырчыктар 2—3 күндөн кийин так калбай жоголот.

 
Кызамык болуп ооруган оорулууга бүдүр-бүдүр болуп кызарып чыккан темгил

Кээде эти ысыбайт, жалпы абалы начарлабайт. Көп учурда белгиси билинбей өтөт. Адатта оору кабылдабайт. Ооруп айыккан адамда туруктуу иммунитет пайда болот. Кызамык менен кош бойлуу аялдардын оорушу өтө коркунучтуу, себеби түйүлдүккө жугушу мүмкүн. Айрыкча 3 айга чейинки кош бойлуу аялдар ооруганда көп учурда тубаса өсүү кемтиги пайда болот. Кош бойлуу аялдар акыркы айларында кызамык менен ооруса балада аз кандуулук байкалат, ички органдары жабыркайт. Мындай балдар 18 жана андан көп айга чейин вирус бөлүп чыгарып, оору жуктурат.

Дарылоонун жолдору түзөтүү

Дарылоону үйдө дарыгер жүргүзөт. Оорулуу баланы тынч жаткыруу, жеңил сиңүүчү тамак берүү талапка ылайык. Оорунун алдын алуу үчүн оорулууну өз убагында соо адамдан бөлүп, өздүк гигиенаны сактоо зарыл. Боюнда бар аялдар мурда кызамык менен оорубаган болсо оорулуу менен жолугууга болбойт.

Кызамыктын тарыхы түзөтүү

Эң биринчи жолу кызамыкты 1740-жылы немис терапевти Ф. Хофман баяндап жазган. 1881-жылы бул оору расмий түрдө өзүнчө нозологиялык формада белгиленген. 1938-жылы жапон изилдөөчүлөрү инфекциянын табияты вирус экендигин далилдешкен. Кызамыктын козгогучу 1961-жылы бир эле убакытта бир нече окумуштуулар: П. Д. Паркман, Т. X. Уэллер и Ф. А. Невой менен табылган. 1941-жылы австриялык изилдөөчү Н. Грегг кызамык менен ооруган эненин түйүлдүгүнүн кадыресе нормадан таюусун баяндаган. Эң көп жолугуучу кадыресе нормадан таюусу- челкөз (катаракта), жүрөктүн кемчилиги жана дүлөйлүк. Мунун баары "Тубаса кызамыктын классикалык синдрому" деген атка бириктирилген[1].

Булактар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Тышкы шилтемелер түзөтүү

  1. Краснуха