Кызыл-Арт ашуусу

Кызыларт ашуусу‎»‎ барагынан багытталды)

Кызыл-Арт ашуусу - Чоң Алай тоосунда. Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасында, Кызыларт суусунун батышынан орун алган. Бийиктиги 4280 м. Ашуунун бели түзөң, түндүк капталы тик, түштүгү жантайыңкы, бара-бара Памирдин тайпак тоолоруна өтөт. Негизинен палеоген менен неогендин кызыл түстүү чопо, алевролит, кумдук конгломерат тектеринен түзүлгөн. Жыл бою ачык, ал аркылуу Ош-Хорог автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү