Кызыл жалпак чакалайтеринин өнөкөт оорусу. Ал негизинен билектин ички бетинде, кол-буттун муундарында пайда болуп, мында дүүлүгүп кычыштырган бүдүрлөр чыгат, кийин ал бүт денеге (беттен башка) тарайт, ооздун ичин да жабыркатат. Кызыл жалпак чакалайдын себептери аныктала элек. Клиникалык белгилери боюнча шакек, ыйлаакча, сөөл сымал, атрофиялык, склероздук жана учтуу кызыл жалпак чакалай болуп бөлүнөт. Оору узакка (бир нече айдан бир нече жыл) созулат, жукпайт, сейрек кайталанат.

Кызыл жалпак чакалай
Кызыл жалпак чакалайдын микросүрөтү

Дарылоону врач жүргүзөт, анда антибиотиктер, В тобундагы витаминдер, сеп алдыруучу дарылар, кычышууга, сезгенүүгө каршы дарылар колдонулат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык дарылоо. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8