Кызыл өңгөчтамак сиңирүү системасынын бир бөлүгү. Ал кулкун менен карындын ортосунан орун алган; узундугу орто эсеп менен 23—25 см.

Кызыл өңгөч.

Ал VI моюн омуртканын тушунан башталып, XI көкүрөк омурткасы I тушта карынга өтөт. Кызыл өңгөч Моюндан башталып, көкүрөк көңдөйүнөн боор этти тешип өтүп, карынга барып куят. Ал үч бөлүккө (моюн, көкүрөк жана ич бөлүгү) бөлүнөт. Капталы 3 катмардан турат. Кызыл өңгөчтүн ички былжырлуу катмарында көп майда бездер болуп, алар былжыр суюктукту бөлүп чыгарат. Бул суюктуктардын жардамы менен жутулган тамак жылмышып кызыл өңгөчтөн карынга түшөт. Ортоңку катмары анын ичин кеңейтүүчү сырткы узун булчуң талчаларынан жана кызыл өңгөчтүн ичин тарытып кысуучу тегерек шакек сымал булчуңдардан турат. Бул булчуң талчалары алмак-салмак жыйрылып жана бошоңдоп кызыл өңгөчтүн ичиндеги тамакты карынды карай жылдырат. Сырткы катмары (адвентация) туташтырма ткандан турат. Бул ткандар кызыл өңгөчтү курчап турган органдар менен байланыштырып, кеңейип жана тарып турууга жардамдашат.

Кызыл өңгөчтүн мотордук функциясы түзөтүү

Кызыл өңгөчтүн мотордук функциясы жутулган тамактын бат ашказанга, аралашпай, түртүлбөй бат киришин камсыз кылат. Суюктукту ичкенде ашказанга 1-2 секундада барат, кургак тамак 8-9 секундада. Бул процесс кызыл өңгөчтүн булчуңдардынын жыйрылышынын жардамы менен болот. Кызыл өңгөчтүн функциясы негиздүү жана негизсиз механизмдер менен координацияланат.

Тамак жутканда ичегарын мезгил-мезгил менен жыйырылат (перистальтика). Анын жардамы менен тамак үстүнкү аш өткөрүүчү сфинктер аркылуу кызыл өңгөч телосунан өтүп, төмөнкү аш өткөрүүчү сфинктер менен ашказанга түшөт.[1]

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Шилтемелер түзөтүү

  1. Пищевод человека