Кыргызстан күйүүчү сланецтери

Күйүүчү сланецтердин запасы бир гана Өзгөн ташкөмүр бассейндеги Каргаша кенинде белгилүү. Мында ал көмүр катмарларынын арасында жука кабатча түрүндө кездешет. Сланецтер төмөндөгү сапаттык көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт: күлдүүлүгү 46 — 50%, учма заттар 45 — 60%, күкүрт 0,4 — 0,5%, көмүртек 83%, суутек 5,7 — 6%, чайыр 6 — 20%, күйүүдөгү жылуулук берүү кубаты 3200 — 3800 ккал/кг. Сланецтердин жалпы запасы 65 млн т (1982).

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү