Кычыткы — теринин абдан кычышып, учунда ыйлаакчасы бар мала кызыл бүдүрчөлөрдүн пайда болушу менен мүнөздөлгөн оору. Кычыткы айрыкча түнкүсүн күчөйт.

Кычыткы микробдору.

Кычыткы көбүнчө бут колдун бүгүлгөн жеринде, чанда денеде болот. Оору менен бул же тигил тамак продуктуларына сезгич (Аллергия), кичине балдар ооруйт. Баланы туура эмес тамактандыруу, балага жумуртка, эт, кантты, жемишти (айрыкча кулпунай), апельсин, балыктын кээ бир сортун, чанда сүт азыктарын бергенде болот. Бала кычышканда кан чыкканча тырмай берип, инфекция киргизип, ириңдүү жара пайда болушу мүмкүн. Ден соолугу начар, нерв системасы бузулган балдарда өтө катуу болуп, дарылоо кыйындайт.

Жаш өзгөчөлүктөр түзөтүү

Чоң кишилерде кычыткы ичеги-карын жолунун (ичеги, боор), нерв жана эндокрин системасынын ооруларына, организмдеги инфекцияга (тонзиллит, гайморит жана башка) жараша өөрчүйт. Оорулуунун көңүлү чөгөт, уйкусу бузулат, эмгекке жарамдуулугу начарлайт. Кээ бир учурда арткы тешиктин айланасында, жыныс органынын сыртында, дененин башка бөлүктөрүндө да болушу мүмкүн. Глисттер (мите курттар), геморрой, заара чыгуучу органдардын өнөкөт оорусу себеп болот. Кычыткынын пайда болушунда жаш өзгөчөлүгүнүн да мааниси бар. Кычыткы карыган кишилерде көбүрөөк кездешет. Узак убакыт кычышып тырмай берүүнүн натыйжасында тери күрөң тартып, дордоюп калат.

Дарылоо түзөтүү

Кычыткыны врач дарылайт. Дарылоодо балдарды туура тамактандыруунун мааниси чоң. Аллергияны пайда кылуучу тамак берүүгө болбойт. Уйдун майсыз этин сууга бышырып берүү, баланы ашыкча тамактандырбоо керек.

Кычышуу түзөтүү

 
Кычышуу.

Кычышуу — теридеги ооруну кабыл алуучу нерв учтарынын (ооруу рецептору) дүүлүгүүсү менен байланыштуу болгон оору. Кычышуу өзүнүн туруктуулугу жана узакка созулушу менен айырмаланат. Оорулуунун уйкусу качат, жалпы абалы начарлайт, жумушка жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Кычышуу курт-кумурскалар чакканда же жөрмөлөп кеткенде, чалканга чактырып алганда, экзема, нейродермит, кычыткы жана башка менен ооруганда, ичкиликтин, ар кандай азыктардын, дары-дармектердин тийгизген таасиринин негизинде пайда болот. Ичеги-карын, боор, бөйрөк ооруларында, зат алмашуу бузулганда да (диабет, подагра) болушу мүмкүн. Мите курт ооруларында, геморройдо, көтөн чучук сезгенгенде, айрыкча өздүк гигиенаны сактабаганда арткы тешиктин тегереги кычышат; жыныс органынын кычышуусу аялдарда трихомоноз жана башка сезгенүү ооруларында, климакс мезгилинде; эркектерде уретрит, простатит ооруларында болушу мүмкүн. Кычышуу кечинде жана түнкүсүн адамдын тынчын алып, уктатпайт. Оорулуу тырманганда инфекция кирип, теринин ириңдүү жарасын пайда кылуусу мүмкүн. Курт-кумурска чакканда тери кычышса спирттүү суюктук менен сүрткөн дурус. Кычышуу пайда болгондо анын эмнеден болгонун толук аныктоо үчүн врачка кайрылуу керек. Врач текшергенден кийин, тиешелүү дарылоону сунуш кылат. Өткүр тамак-аштарды, ичкилик ичпөө керек. Ит уйгак жана эмен кабыгынын тундурмасы кошулган ванна (37°, 20—25 мүнөт) Кычышууну басаңдатат. Эгерде булар жакшы натыйжа бербесе, көл, деңиз сууларына түшүп, аба жана күн ваннасын кабыл алса болот.

Баланын тамак рациону түзөтүү

Баланын тамак рационунда жашылча, буурчак, жемиш (цитрустан башка), сүт-кычкыл азыктар, айрыкча быштак болгону талапка ылайык. Күнүгө таза абада болуу, жайында күн ваннасы, өзгөчө деңизге түшүү сунуш кылынат. Баланын тырмагын кыска алып коюу зарыл. Врач сунуш кылган эмен кабыгы же ит уйгак тундурмасы кошулган ванна (35—36°, 10—15 мин.) кычышууну басат. Кычыткы теринин ириңдүү жарасына айлана баштаганда тезинен врачка кайрылуу зарыл.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8