Күбө — күбө куртунун айрым түрлөрү (көйнөк, тон, килем жегичтер) жүн, тери ж.б.буюмдарын бузат. Көпөлөк жумурткасын жүн, кездеме, килем, түк, тери, пол, шкаф ж.б-га таштайт. Жумурткадан чыккан малагы килем, кийим ж.б-га жабышат. Чоңураак малагы куурчакчасы үчүн торчо токуп, бөлмөнүн бурчтарына , шкафтын беттерине үйдүн төбөсүнө же буюмдарга жармаштырат. Бир канча убакыттан кийин куурчакча көпөлөкө айланат. Көпөлөк күндүз караңгы бурчтарда , кийимде же килемдин бүктөмдөрүндө жатат. Кечинде жумурка таштоо үчүн учуп чыгат, көбөйүп кеткенде күндүз деле учуп жүрүшөт.

Кантип сактануу керек түзөтүү

Баарыдан мурда буюмдарды бузуучу малагын жоготуу керек. Буюмдарды күнгө жайып, тез-тез тазалап туруу зарыл. Айрыкча март айында күбө жумуртка таштай турган убакта сактануу керек.