Күйүк — жогорку температуранын, химиялык заттардын, электр тогунун жана радиоактивдүү нурлануунун таасиринен ткандын жабыркашы. Ошого байлап, өз алдынча дарыланууга болбойт, инфекция түшүп, дарылоону кыйындатат. 3-даражадагы күйүктө тери жансызданып, карттанат, 4-даражасында тери гана эмес тереңиндеги эт да жансызданат, ал тургай көмүргө айланат. Акыркы эки даражасында жабыркаган кишини дароо медициналык мекемеге жеткирүү зарыл. Күйүктүн оордугу анын даражасына гана эмес, аянтына да жараша болот. Эгер күйүктүн аянты чоң болсо (30%тен кем эмес) 1-даражадагы күйүктө да шок болушу мүмкүн. Химиялык заттардан күйгөн жерди ошол замат муздак суунун агымы менен 15—20 минут жууш керек.

Күйүк
ЭОК-10 T20—T32
ЭОК-9 940940-949949
MeSH D002056 D002056

Колдонулган адабияттар түзөтүү