Күнөө – адамдын айыбын нагыз диний туюндурулушу аркылуубилдирилген түшүнүк: бул коомдун же адамдын алдында эмес, кудайдын алдында жасалган айып. Бул өкүнүү, жакшы иштер менен кечирилиши мүмкүн жеке адамдардын өздөрүнүн күнөөлөрү менен катар Адам менен Обо эненин күнөөсүнүн натыйжасында бүткүл адамзатка жүктөлгөн. Дин окуусунун көз карашынан алганда жер жүзүндөгү жамандыктын орун алышы ушундан келип чыккан имиш. Ар кандай кырдаалда күнөөнүн чеги жана ченеми жөнүндө окуу ислам динине да мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8