Көз тийүү – кыргыздын салттуу түшүнүктөрүнүн бир көрүнүшү. Элдик ишеним боюнча кээ бир адамдардын көзүнө туш болгон адам, жаныбар ооруйт, жакшы буюм сынат, бүлүнөт. Өзгөчө жаман көз наристеге, сулуу кыз-келиндерге, баатырга, күлүк атка, алгыр кушка тиет деп эсептешип, буларды элге көрсөтпөөгө аракет кылышкан. Көз тийбесин деп ар кандай ырымдарды жасашкан, Мисалы: наристенин бетине көө сүйкөгөн, көзгө урунбай турган начар кийимдерди кийгизген, адамды иренжите тургандай ысым менен аташкан.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү