Көктоңду
Көктоңду[2] — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы айыл. Могол айыл аймагына караштуу. Ачы токой чарбасынын аймагында. Кара-Үңкүр суусунун оң өйүзүндө, Базар-Коргон — Арстанбап жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1040 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 32 км түндүк тарапта. Облустун борбору жана темир жол бекети Жалал-Абад шаарынан 65 км аралыкта. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы ― 4201 киши (2023-жылы)[1]; негизинен токойчулукта, дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана жана фельдшердик акушердик пункт бар. Кыштакта кыргыз телекөрсөтүүсүн негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз Республикасынын эл артисти Б. Каипов туулган.
Көктоңду | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү |
1932 |
Бийиктиктиги |
1040 |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата).. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.
- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору.