Көп каналдуу байланыш — бир эле маалда көптөгөн кабар алуучуну байланыштыруучу электр байланыш схемасы. Көп каналдуу байланышта телефон жана телеграф кабарлары, телебашкаруу коман далары, телекөрсөтүү сүрөттөрү, Электрондук эсептегич машина (ЭЭМ) үчүн маалымат байланыш кабели, радиореле жана спутник линиялары аркылуу берилет. Көп каналдуу байланыш байланыш линиясы тыгыздоо принциби боюнча түзүлөт. Бул учурда жыштыгы 300—3400 гц болуп, телефон кабарларын берүүнү камсыз кылуучу тоналдык жыштык каналы стандарттуу канал деп аталат. Адегенде 12 стандарттуу каналдан биринчи топтошкон тракт түзүлүп, ал 60–108 кгц жыштык тилкесин ээлейт. Практикада 12, 60, 120, 180, 300, 600, 900, 1920, 10800 стандарттуу каналдардан түзүлгөн Көп каналдуу байланыш системасы колдонулат. Артыкчылыгы – жыштык спектринин үнөмдүү пайдаланылышы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү