Көрсөткүчтүү теңдеме – белгисизи даража көрсөткүчүндө камтылган теңдеме. Көрсөткүчтүү теңдеменин жалпы чыгарылыш эрежеси жок. Ошондой болсо да элементардык математикада Көрсөткүчтүү теңдеме берилген түрүнө жараша чыгарылат. Түрдүү (теңдеменин эки жагын тең логарифмалоо, өзгөрүлмөсүн алмаштыруу, бирдей негизге алып келүү, графиктик ж. б.) жолдор менен Көрсөткүчтүү теңдемени чыгаргандан кийин белгисиздин табылган маанилерин, шарты боюнча кайрадан текшерип чыгуу зарыл болуп эсептелген теңдеме. Көрсөткүчтүү теңдеменин эң жөнөкөй түрү – ах=Ь, мында x – белгисиз чоңдук, a – бирге барабар эмес берилген оң сан (a≠1). Эгер () болсо, анда бул теңдеме чыгарылышка ээ болбойт. Эгер Ь>0 болсо, анда х тин бул теңдемени канааттандыруучу бир гана мааниси болот. Эгер b саны ac түрүнө келтирилсе, көп учурда Көрсөткүчтүү теңдемени чыгаруу ax=ac түрүндөгү теңдемени чыгарууга алып келет. Демек, x=c бул теңдеменин жалгыз чыгарылышы болот. Жалпылап алганда, эгер a>0 жана a≠1 болсо, анда af(x) = ag(x) теңдемеси менен алмаштырууга болот. Чынында эле көрсөткүчтүү функция монотондуу болгондуктан, алардын негиздеринин барабардыгынан көрсөткүчтөрүнүн барабардыгы келип чыгат. Тескерисинче, эгер f(x)=g(x) болсо, анда af(x)=ag(x) аткарылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү