Лабиринтит — ички кулактын сезгенүүсү.

Кулактын түзүлүшү

Оорунун пайда болгон себептери түзөтүү

Ички кулакка микробдор жана алардын уу заттары таасир эткенде болот. Лабиринтитке ортоңку кулактын же баш сөөгүнүн инфекциялары, ошондой эле механикалык, химиялык, термиялык травмалар себеп болушу мүмкүн.

Симптомдору түзөтүү

Лабиринтит катуу кармаган жана өнөкөт, чектелген жана жайылган, ириңсиз жана ириңдүү болуп бөлүнөт. Анда баш айланат, жүрөгү айланып, кусат, дененин тең салмактуулугу өзгөрөт, кулак чуулдап, начар угат, кээде дүлөй болуп калышы мүмкүн.

Дарылоо түзөтүү

Дарылоодо антибиотик берилет, ортоңку кулактагы ириңди хирургиялык жол менен тазалайт. Алдын алуу үчүн өнөкөт жана катуу кармаган отитти кабылдатпай, өз убагында врачка кайрылып дарылоо зарыл.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8