Легизм (Фа-цзя – «мыйзам мектеби») – байыркы Кытайдагы саясий-философиялык агым. Легизм б.з.ч. VII–VI кылымда Конфуций окуусу жана Даосизм менен бир мезгилде пайда болгон. Мааниси жагынан Конфуций окуусуна каршы турган. Эң көрүнүктүү өкүлдөрүнөн бири Гунсун Ян, тарыхта калган аты Шан Ян (Цин падышачылыгы мезгилинде б.з.ч. 338-ж. өлтүрүлгөн), экинчиси Хан Фэйцзы (б.з.ч. 223-ж. ууландырылган) болгон. Легизм даону жаратылыштын табигый өнүгүү жолу катары түшүндүргөн. Хан Фэйцзы кудайга жана арбактарга ишенүүгө, алардын амирине адамды садага чабууга каршы чыккан. Легизм философиялык-саясий проблемалары мамлекеттик курулуштун конкреттүү маселелерине баш ийдирилген. «Мыйзамчылар» же европалыктар айткандай легисттер, жеке менчикти жана башкаруучунун жеке бийлигин сактоого багытталган бирдиктүү, жалпыга бирдей милдеттүү мыйзамдарды кийирүүнө талап кылышкан. Мамлекеттик бюрократтык аппаратты дайыма жаңыртып туруу, ар бир кызматчынын милдеттүүлүгү ж.б. легизмге мүнөздүү белгилерден. Шан Ян өзүнүн негизги көз караштарын 26 главадан турган «Шан областынын башкаруучусунун китеби» эмгегинде берген. Анда төмөндөгүлөрдү зарыл деп көрсөтөт:

  • 1) жазалоонун көп болгону жана сыйлоонун аздыгы;
  • 2) жазанын үрөйдү учургандай мыкаачылык менен болгону;
  • 3) майда кылмыштар мыкаачылык менен жазаланса, анда оор кылмыштар өзүнөн-өзү эле болбой калат;
  • 4) адамдар чачыранды болушуп, бирин-бири аңдып турушканы оң.

Шан Яндын жана легисттердин позициясы: "күчсүз эл – демек күчтүү мамлекет, күчсүз мамлекет – күчтүү эл. Демек, элди алсыздантуу – мамлекеттин башкы милдети."

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9