Лепидодендрондор (гр. lepis — кабырчык жана (lend гоп — дарак) — дарактай плаун сыяктуулардын тукум курут болгон уруусу.

Лепидодендрондор таш көмүр жана пермь мезгилдеринде тропикте өскөн. Сөңгөгүнүн бийикт. 20—30 м, диаметри 2-иге жеткен. Калып кабыгы түрдүү формадагы урчуктар менен капталган. Лепидодендрондордун азыркы өсүмдүктөрдөн айырмасы — сөңгөгү жоонойгон сайын кабыгы ажырабастан, кайра калыңдай берген. Нымдуу жанa ысык климатта бууланууну жеңилдениш үчүн кабыгьнда аба толгон ткандары болгон. Ири тообурчактарында ар кыл споралар жайгашкан

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.