Лимфа системасы — адам жанa айбанаттардын органдары менен ткандарындагы лимфалар чогулуп, вена системасына кошулуучу эң майда тамырлардын жыйындысы.

Ага тамырларга бойлой жайгашкан лимфа түйүндөрү да кирет.

Лимфа системасы эң майда кан тамырларынан тканга чыпкаланып өткөн суюктукту кан жүрүү системасына кайра жиберет, ичеги сиңирип чыгарган тамак заттарын өткөрөт, о. эле лимфаны лимфа түйүндөрүндө чыпкалап, коргойт. Лимфа ткандан туюк учу клетка арасында жаткан эң майда лимфа тамырына жылжып өтөт, алар ириленип, венага куюучу чоң тамыр жанa түтүктөрдү түзөт. Лимфанын басымы аз болгондуктан бардык лимфа тамырынын капталы жука келет. Башка сүт эмүүчүлөрдөй эле адамдын тилинин түбү, алкым, моюн, колтук, чурай, өзгөчө чычыркайда, ичегинин капталында бирден же тобу менен жайгашкан көп лимфа түйүндөрү болот.

Лимфанын жылышын мезгили менен скелет булчуңдарынын жанa ички органдардын тамырды кысышы, тамырдын өзүнүн кагышы, о. эле майда тамырларга келип туруучу суюктуктун басымы камсыз кылат.

Канаттуу, сүт эмүүчү жанa адамдын тамырларында лимфаны бир гана багытка агызуучу чөнтөк сыяктуу жапкычтар бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.