Логикалык принтер (Logic printer) – иштетүү системасы менен принтер ортосундагы Windowsтун программалык интерфейси. Принтер – бул басып чыгаруучу физикалык түзүлүш, ал эми логикалык принтер – басып чыгаруучу сервердеги принтердин программалык интерфейси. Бул программалык интерфейс тапшырманын иштетүү тартибин жана маршрутун аныктайт (жергиликтүү же тармактык принтерге, файл же басып чыгаруунун алыстагы ресурсуна). Басып чыгарылуучу документ принтерге жөнөтүү алдында Логикалык принтердин кезегинде жайгашат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7