ЛусакаЗамбия Республикасынын борбору (1964-жылдан). Лусака провинциясынын административдик борбору. Калкы 1,5 млн (2010). Эл аралык аэропорту бар. Темир жол бекети катары 1905-ж. негизделген. 1935– 64-ж. Британия протектораты Түндүк Родезиянын (учурда Замбия) административдик борбору болгон. Тамак-аш, тигүү, химия, автомобиль кураштыруу өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (карапа, жыгач, жез буюмдары) өнүккөн. Лусака – Замбиянын маданий борбору. Университет, коллеждер, китепканалар, музейлер, театр, галерея жана Замбиянын табиятын жана жапайы жаныбарларын коргоо улуттук кеңеши, Ыйык Распятие англикан собору бар. Зоопарк жана ботан. бак уюштурулган.

Лусака
шаар
Лусака
Лусаканын центри, 2003-жылында
Лусаканын центри, 2003-жылында
Өлкө Замбия
Area
 • Total 30 sq mi (70 km2)
Elevation 4 300 ft (1 300 m)
Population (2000)
 • Total 1 084 103
Time zone GMT+2 (UTC+2)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7