Луций, Анней Сенека

Анней Сенека
Толук аты-жөнү Анней Сенека Луций
Англис тилинде Lucius Annaeus Seneca
Төрөлгөн Биздин заманга чейин 4-жылы
Рим империясы, Испания, Кордово
Көз жумган 65-жылы
Рим империясы, Италия, Рим
Доор Байыркы Рим философиясы
Аймак Батыш философиясы
Кызыккан темалар Стоицизм


Кыскача өмүр баяны

Луций Анней Сенека (Х.Т.ч. 5 — 65-ж) — эң ири римдик философ, Байыркы Римдеги стоицизмдин биринчи өкүлү. Испанияда, Кордоводо туулган. Анын атасы ритор болгон, Сенека өзү да риториканы окуп-үйрөнгөн, бирок кийин жалаң философия жагында иш жүргүзөт, философияда аны стоицизм, айрыкча Посидонийдин көз карашы кызыктырган.
Ал бала чагында эле ата-энеси менен бирге Римге келет. Беш жыл бою келечектеги император Нерондун (12 жаш курагынан тартып) тарбиячысы болот. Нерон башкарып турган убакта мамлекеттик иштерде Сенеканын ролу өтө чоң болгон, бирок кийин ал Нерондун касабына кабылып, мамлекеттик иштен четтетилип, жалаң адабий- философиялык ишмерлик менен алектенет. Неронго каршы заговорго катышты деп айыпталып, өлүмгө өкүм кылынат. Нерон аны өзүн өзү өлтүрүүгө өкүм чыгаргандыктан ал өзүнүн күрөө тамырын жарып, кансыроодон өлөт.

Чыгармачылыгы

Сенека өтө жемиштүү жазуучу болгон жана өзүнөн кийин көп сандаган чыгармаларды калтырган. Анын калемине философиялык, ошондой эле көркөм жана табият билимдери жагындагы чыгармалар таандык, алардын көбү жок болуп кеткен. Ал бир нече философиялык трактаттарды, тогуз трагедияны, бир тарыхый драманы, он философиялык-этикалык диалогду, «Табият илимдер маселелеринин» сегиз китебин, кеңири белгилүү «Луциллиге жазган адеп-актык жөнүндө каттарды» (124) жараткан.[1]
Анын чыгармалары адеп-ахлак жана практикалык маселелерге тийиштүү болгондуктан өтө кызыгууну туудурат, ал маселелер Сенекада философиялык жактан негизделген. Анын турмуштук акылмандык жөнүндө айткандары күнү бүгүнгө чейин маанисин жогото элек. Ал көптөгөн эпиграммаларды, сатиралык чыгармаларды жазган, алардын ичинен «Ашкабактануу» деген чыгармасы өзгөчө бөлүнүп турат, ал сатира маркум император Клавдийге карата жазылган (Римдиктерде ашкабак акылсыздыктын символу болгон).
Философия адеп-ахлак жана табият илими жагындагы маселелерди талдап-иликтөөгө тийиш, бирок ал билим кандай практикалык мааниге ээ болсо, ошондой колөмдө изилденүүгө тийиш деп эсептейт Сенека. Жаратылыш жөнүндөгү билимдер жаратылыштын адамга карама-каршы турган күчтөрүнө каршы каражаттарга ээ болууга, ооруга жана ар түрдүү жаратылыш кырсыктарына каршы күрөшүүгө мүмкүндүк берет. Бул билим жаратылышты бир бүтүн нерсе катарында түшүнүүгө жардам берет.

Материя тууралуу

Аристотелге таяна отуруп, Сенека бардык стоиктер менен бирге жаратылышта активдүү жана пассивдүү башталыштардын бар экенин тааныйт. «Биздин стоиктер мындай дешет: жаратылыштагы бардык нерселер эки башталыштан-себептен жана материядан келип пайда болот. Материя кыймылсыз катып тура берет, ал ар нерсеге даяр, бирок аны кыймылга келтирмейинче ал бекерчиликте кала берет. Себеп же акыл-эс материяны өзүлөрү каалагандай өкчөп-калчайт, ага форма берет, ар түрдүү предметтерди жасайт» [2]..
Сенека бардык нерсе — дүйнө да, кудайлар да, жандар да телодон турат деп эсептейт. Ошону менен бирге баары жандуу, бардыгы акыл-эстүү жана теңирлик нерселер.

Пантеисттик позиция

Сенека пантеисттик позицияда турат. Ал үчүн «Кудайсыз жаратылыш, жаратылышсыз Кудай болбойт» [Жакшылык иштер жөнүндө, IV, 8]. «Табият илимдер маселелеринде» ал мындай деп жазат: Сен аны тагдыр деп атагың келеби? Анда жаңылбайсың. Ага бардык нерсе көз каранды, анда бардык себептердин себеби камтылган. Аны сен керемет деп атагың келеби? Бул жолу да сеники туура болот. Тынчтык кимдин чечими менен камсыз кылынып турса, керемет дегенибиз ошонун өзү, ал өзүнүн жүрүшүнө эч ким тоскоол кылбагандай, өзүнүн бардык аракеттери аткарылгандай кылып бардыгын жөнгө салып турат. Аны жаратылыш деп атагың келеби? Бул да ката болбойт, анткени бардык нерсе ошонун кучагында жаралган, анын деми менен биз жашап турабыз. Ал — бардык сен көрүп тургандар, ал бардык бөлүктөр менен бир бүтүн болуп куюлушуп, өзүн өзүнүн күч-кубаты аркылуу колдоп турат» [II. 45].
Ошондой болсо да Сенека ыраатсыз пантеист болгон. Жаратылышты ал оттон, абадан, топурактан жана суудан турган төрт элемент жөнүндөгү эски окуунун духунда түшүнөт. «Бардык нерсе бардык нерседен пайда болот. Суудан аба, абадан суу, от абадан, оттон аба пайда болот... Бардык элементтер бири-бирине айланып өтүп турат. Бир нерседен жаралган нерсе өлсө, ал экинчи нерсеге кайтып барат» [Табият илимдер маселелери. III, 19].

Дин тууралуу

Динди четке кагып, чыныгы дин дегенибиз — жакшылык культу деп эсептеп, Сенека ошол эле убакта дүйнөнү теисттик түшүнүүгө келет, муну ал материядан бөлөкчө жашап турган Кудай катарында билет.
Ошентип, Сенеканын окуусу карама-каршылыктардан турат: бир жагынан ал дүйнөдөгү бардык нерселер жаратылыштын мыйзамдарына ылайык ишке ашып турат деп тааныса, экинчи жагынан, баардык нерсе Кудайдан дейт. Бир жагынан ал мифологияга шылдыңдап мамиле жасайт, экинчи жагынан ар кандай мистиканын ролун моюндайт жана төлгө салууну философиялык жактан негиздөөгө чейин барат.
Анын жан жөнүндөгү окуусу өзгөчө карама-каршылыктуу. Сенека жанды телолуу деп эсептейт, адам жаны космостук жандын, дүйнөлүк пневманын (демдин) бир бөлүгү болуп саналат. Адамдын акылы Сенекада «адамдын денесине чөгөрүлгөн теңирлик духтун» бир бөлүгү. Жан телолуу, анткени ал «оттон жука». Бирок, буга карабастан, Сенека жан менен тело дайыма өз ара күрөштө болуп турат. Жан, Сенекага ылайык, чабал жана ал телодон бошонууга дайыма умтулат.

Жан жөнүндө

Сенека биздин жаныбыз өлбөс деп көп айтат. Ошентип, Сенека жандын телолугу жөнүндөгү өзүнүн көз карашын анын өлбөстүгү менен айкалыштырат. Мына ушуга байланыштуу ал өлүм алдында табийгый түрдөгү коркунуч жөнүндө кээ бир ойлорду айтып, биздин жаныбыздын теңирлик бөлүгү эч качан өлбөйт деп эсептейт. Кээ бирөөлөрдүн биз эми миң жылдан кийин бар болбойбуз деп наалыгандарды шылдыңга алып, бирок алар мындан миң жыл мурда өзүлөрүнүн жок экендиги жөнүндө кейибейт дейт. Өлүм дегенибиз — бул демейки эле көнүмүш нерсе. «Өлүм — өмүр бизге таңуулаган милдеттердин бири», дейт ал Луциллиге жазган 77-катында, ал төмөнкү сөздөр менен аяктайт: «Жашоо — пьеса сыяктуу: анын узактыгы маанилүү эмес, анын жакшы ойнолгондугу маанилүү».

Өзүн өзү өлтүрүү себептери

Сенека стоиктер сыяктуу эле өзүн өзү өлтүрүү жөнүндөгү маселени карайт жана анын белгилүү бир шарттарда гана мүмкүн экендигине жол коюп, кээ бир адамдарды эпидемиядай каптаган «өлүмдү жактыргандыкка» каршы эскертүү сөзүн айтат.
Сенека ооруу-сыркоолукту жана кулчулукту өзүн өзү өлтүрүүгө негиз катарында карайт, бирок кулчулукту ал социалдык кулчулук катарында эмес, адам өз ыктыяры менен өзүн жүргүчтүктүн, сараңдыктын, коркунучтун кулуна айландырган абалды түшүнөт. Ошентип, Сенека үчүн духтун эркиндиги башкы нерсе болуп саналат, дал ушул себептүү өлүмгө ал ушундайча мамиле жасайт.
«Өлүм деген эмне? Же өмүрдүн бүткөнү, же көчүү. Мен жок болуп кетүүдөн коркпоймун, анткени жок болуу — бул менин жашоомдун бүткөнү, мен көчүүдөн да коркпоймун,— мен эч качан мындай тар чөйрөдө кысылып туруп калбаймын» (дене жөнүндө сөз болуп жатат, Луциллиге жазылган 65-кат). Ушунун баардыгы Сенеканын этикалык акыл-насааттарынын башкы темасы жана бул айтылгандар бүткүл тарых бою анын даңкын чыгарган.

Этика

Этикалык жоболор Сенеканын дээрлик бардык чыгармаларында баяндалат, бул жөнүндө «Луциллиге жазылган адеп-актык жөнүндөгү каттарда» да, «Табият илимдер маселелеринде» да жана башка чыгармаларында сөз болот. Бул чыгармаларында Сенека башкы стоикалык позицияларды карманат: жашоодо эч нерсени өзгөртүүгө болбойт, тагдырга баш ийүү керек, тагдырга карата өзүңдүн мамилеңди өзгөртүүгө болот жана кыйынчылыктарды жек көрүп, этибарга албоо керек. Тагдырдын соккусун чыдамдуулук менен кабыл алуу керек. Мындан стоиктин пассивдүү позициясы көрүнөт, ал эми активдүүлүк өзүңдүн аша чапкан ышкылыктарынды жеңе билүүдөн, ага кул болбоодон көрүнөт. Адамдын бактысы биздин окуяларга жана шарт-кырдаалдарга жасаган мамилебизде: «Ар ким өзүн канчалык бактысызмын десе, ал ошончолук бактысыз». Сенеканын пикири боюнча, адам башына түшкөндү тийиштүү нерсе катарында кыңк этпей кабыл алган учур стоикалык духтун улуулугун көрсөтөт.

Кудайга адамдын мамилеси тууралуу

«Башка түшкөн кыйынчылыкка чыдап, Кудайга кыңк этпей баш ийүү керек, анткени бардыгы анын эркине байланыштуу болуп турат. Кол башчынын артынан мойнунан байлагандай болуп ээрчиген жоокер жаман жоокер» [107-кат]. Ушул эле жерде: «мындай тартипти өзгөртүүгө биздин күчүбүз жетпейт, бирок өтө кайраттуу болуу колубуздан келет» [107-кат, 7].
Бирок бул жөн гана турмушка пассивдүү мамиле жасагандык, аракетсиздик эмес. Бул — адам башына түшкөн кырсыкка каршы эч нерсе иштөөгө мүмкүн болбогон шарттагы абалды философиялык жактан негиздөө гана. Мындай учурда, Сенеканын пикири боюнча, калтаарып калбай, аракеттене берүү керек. Башкача айткандаадам бардык кырдаал- шартты туура баалап, көңүлдү чөгөрбөй, акыл-эсти жоготпой, кайраттуу, жандуу, ишкер болуп, ар кандай окуяларга даяр турушу керек. «Жаратылыш менен шайкеш келген турмуш бактылуу турмуш,— дейт ал,— мындай шайкештик — адам акыл-эстүү, кайраттуу жана жандуу, асылзат, чыдамкай болуп, ар кандай кыйынчылыктардан коркпой, ага даяр тура алса, эгерде ал, кейип-кепчибей, өз керектөөлөрүн канаттандыруу жөнүндө камкордук көрө алса гана, эгерде ал турмуштун ар кандай кызыкчылыктарына көңүл буруп, бирок алардын бирине да азгырылып кетпесе, эгерде ал тагдырдын буйругун эч ким менен, а түгүл кулу менен да бөлүшпөй жеке өзү көтөрүп кете алса гана, ошондо гана мүмкүн» [Сенека. Бактылуу турмуш жөнүндө].

Космполитизм

Сенека өзүнүн көз караштарында космополитизмди, ушул сөздүн эң мыкты маанисинде көрсөткөн. Ал адамзат жөнүндө айтканда аны бир бүтүн эл катарында карап, бүткүл дүйнө — бардык элдердин ата- мекени деп көп айткан. Ал «Жакшылык иштер жөнүндөгү» трактатында мындай деп жазат: «үйүрчүлүк ага (адамга — Л.Б) жаныбарлардын үстүнөн үстөмдүктү камсыз кылды. Үйүрчүлүк ага, жердин уулуна, өзүнө жат болгон жаратылыш дүйнөсүнө аралашып кирип, деңиздердин кожоюну болууга да мүмкүнчүлүк берди... Үйүрчүлүктү жок кылсаң, сен адамдын жашоо-турмушу байыр алып турган адамзат тукумунун биримдигин бузасың» [IV. 18. 1].

Адамдын өзү жүнүндө

«Луциллиге жазган адеп-актык жөнүндө каттарында» да ал мындай деп жазат: «теңирлик жана адамдык нерселер камтылып, сен көрүп турган бардык нерселер бир бүтүн нерсе, биз зор телонун мүчөлөрү гана болобуз. Биздин бардыгыбызды бир нерседен жаратып, бир милдетке багындырган жаратылыш бизди бир тууган кылып төрөгөн. Ал бизге өз ара сүйүүнү берди, бизди үйүрчүлүккө үйрөттү, эмненин туура, эмненин адилеттүү экенин да өзү орнотту, жамандыкка чыдаган кишиге караганда жамандык кылып жатканды алда канча бактысыз кылган да ошол жаратылыштын өзү» [95-кат].
Мына ушуга байланыштуу Сенека адеп-актыктын өзүнчө бир алтын эрежесин аныктамалайт: Өзүңдөн жогору турган адам сага кандай мамиле жасарын кааласаң, сен да өзүңдөн төмөн турганга ошондой мамиле жаса» [47-кат].
Же башка бир жерде: «Эгерде сен өзүң үчүн жашагың келсе, анда башка бирөө үчүн жаша» [48-кат].
Бирок буга жетишүү үчүн, Сенеканын пикири боюнча, баарынан мурда өзүңө өзүң дос болууга тийишсиң. Луциллиге ал мындай деп жазат: «Азыр мага Гекатондун төмөнкүчө айтканы жакты: «Сен менден эмнеге жетиштиң деп сурадыңбы? Мен өзүмө өзүм дос болдум!» Ал көп нерсеге жетишиптир, эми ал эч качан жалгызсырабайт. Билип кой: мындай адам бардык адамдарга дос болот» [6,7-каттар]. Өзү менен өзүнүн достугун ал адамдын ички руханий дүйнөсүнүн психологиялык гармониясы катарында, пастык башталыш болгон кумарлыктын үстүнөн акыл-эстүү башталыштын үстөмдүгү катарында түшүнөт.

Философия тууралуу

Мына ушулардын баарына, Сенеканын пикири боюнча, философия аркылуу жетишүүгө болот, ал турмушта философияга биринчи даражадагы маани берген. Ошол эле убакта, философияда керексиз нерселер көп деп эсептейт. Алсак, Протагор ар бир нерсе жөнүндө түздөн түз карама-каршы нерселерди айтууга болот жана мындай деп айтуу так эмес, күмөндүү да дейт. Демокритчил Навсифан бардык жашап турган нерселер кандай даражада жашап турса, ошондой эле даражада жашабайт да дейт. «Муну эркин искусствонун көптөгөн керексиз нерселериндей эле таштандылардын үстүнө ыргытып сал! Тигилер мага эч кандай пайдасы болбой турган илимди үйрөтөт, булар болсо ар кандай билимден үмүтүмдү үздүрөт... Эгерде мен Протагорго ишенсем, анда жаратылышта күмөндүүлүктөн башка эч нерсе калбайт, эгерде Навсифанга ишенсек — эч кандай аныктыгы жок нерсе анык болуп чыгып келет» [88, 45-каттар].
Мына ушулардын баарын Сенека эч кимге кереги жок диалектиканын мисалы катарында келтирип, өз философиясынын баалуулугун өз турмушу аркылуу далилдеген философторду мисал катарында көрсөтөт. Ал баарынан мурда стоиктерди жактырат. «Жаман жорук-жосундардан арылгың келеби, алардан алыс жүр. Сараңдык, таш боордук, митаамдык — мына ушулардын баары, сага жакын турса өзүңө зыяны тие турган нерселер сенин өзүңдө камтылып турат. Булардан кетип жакшыларга бар, Катондор менен, Лелий менен, Туберон менен чогуу жаша, эгер сага гректер жакса — анда Сократтын, Зенондун жанында бол. Бирөө сени зарылдыгы болгондо өлүүгө үйрөтөт, экинчиси — ажалыңдан мурда өлүүгө үйрөтөт. Хрисипп менен, Посидоний менен жаша. Булар сага теңирлик жана адамзат билимдерин берет, алар сени ишкер болууга, өздөрүнүн куюлуштуруп айткан терме сөздөрү менен уккандардын кулагынын курчун кандырып гана тим болбостон, жан дүйнөңдү чыйралтып, коркунучтарга каршы бекем тууруга буйрук берет. Деңизге окшоп бууракандаган бул турмушта бир гана арга бар: ал келечектеги оомалуу -төкмөлүү турмушту жек көрүп, ишенимдуү жана айбыкпай туруп, тагдырдын соккуларын бетме бет, тайсалдабай тосуп алуу керек» [104. 21—22]. Сенека да ушундайча жашоого чакырат, ал философиянын ишмерлик тарабын баса белгилөө менен, мында эки учурду: философиянын абстрактуу жана прикладдык бөлүктөрүн айырмалайт; философиянын прикладдык бөлүгү «байкап-аңдай да, аракеттене да билет» [95. 10]. Сенека акылмандыкты бөлүп карайт, башкача айткандафилософияга жана илим-билимге бөлөт. Билим дегенибиз бул адамды окумуштуураак кыла алат, бирок жакшы кыла албайт. Философияны керексиз нерселерге бастырып, маңызсыз сөзмөрлүккө берилген философ философияны түшүнүүнү кыйындатат. Анын пикири боюнча, билимдер акылмандыкка тоскоолдук кылат, ошондуктан билимди чектөөгө умтулуу керек, анткени билим ашыкча көп болгондо башты болор-болбос нерселерге толтуруп жиберет. Философия гана эркин нукура акылмандуулукка жол ачат. «Эгерде, кем-карчылыкты билбей, бейкутчулукта жашап, бактылуу, эң башкысы — эркин болгуң келсе, анда философияга кайрыл. Буга башка жол менен жетүүгө болбойт» [37-кат, 3]. Ошентип, философия дегенибиз — жашоо-турмуш жөнүндөгү илим.

 
Псевдо-Сенека. Британиялык музей

Философия

Философия.. жан дүйнөңдү чыңап, чыйралтат, жашоо-турмушту тартип-ыраатка салат, жүрүм-турумду тескейт, эмнени иштөө, эмнени иштебөө керектигин көрсөтүп берет, рулда туруп, толкундар айдаган иримдүү деңизде жол баштайт. Жашоо-турмушта ансыз эр жүрөктүүлүк да, ишенимдүүлүк да болбойт: анткени, ар бир саат сайын кеңеш талап кылына турган көп окуялар болуп турат эмеспи, мындай учурда кеңешти философиядан гана суроого болот» [16. 16].

"Жаратылыш мыйзамына ылайык жашоо" принциби

Жыйынтыгында Сенека стоикалык этиканын: жаратылыш мыйзамына ылайык жашоо керек деген принцибин кайталайт. «Жаратылыш биздин жетекчибиз болууга тийиш: акыл-эс ушул жолду жолдойт жана бизге кеңешин берет. Демек, бактылуу жашоо дегенибиз,— жаратылыш менен макулдукта жашоонун эле өзү» [Жыргал турмуш жөнүндө. VIII. 1.][3]

Убакыт

Сенека үгүттөгөн бактылуу турмуш жөнүндөгү ой-пикирлерге байланыштуу анын убакыт проблемасы жана анын адам үчүн мааниси жөнүндө айткан ойлору да көңүл бурууга татыктуу. Убакыт дегенибиз адамда болгондун эң маанилүүсү, ошондуктан аны сактап, баалоо керек дейт Сенека. Өзүнүн «Луциллиге жазган адеп-актык каттарын» төмөнкүдөй сөздөр менен баштайт: «Сенека Луциллини куттуктайт! Дал ушундайча иште, менин Луциллийим! Өзүңдү өзүң үчүн жеңип ал, мурда өзүң алдырып жиберген же уурдатып жиберген, же бекерчиликте өткөн убакыттарыңды сакта. Менин чындыкты жазып жатканыма өзүң ишенесиң: биздин убакытыбыздын бир бөлүгүн күч менен тартып алышат, жарымын уурдап алышат. Дагы бир бөлүгү бекерчиликте өтүп кетет. Баарынан жаманы — ушунун баары өзүбүздүн кайдыгерлигибизден улам болгондугунда. Жакшылап кунт коюп байкап көрчү: өмүрүбүздүн көпчүлүк бөлүгүн биз жаман иштерге коротобуз, аз эмес бөлүгүн — бекерчиликте өткөрөбүз, ал эми бүт өмүрүбүз керектүү иштерге жумшалбай бошко кетет. Сен мага убакытты баалай билген, бир күндүн эмнеге турарын билген, өзүнүн ар бир саат сайын өлүп жатканын түшүнгөн адамды көрсөтүп бере аласыңбы? Балакеттин баары биздин өлүмдү алды жакта деп билгенибизде турат, ал эми өмүрүбүздүн көпчүлүк бөлүгү артыбызда калганы жөнүндө ойлонбойбуз, өмүрүбүздүн канча жылы өтүп кеткен болсо, ошонун баары өлүмгө таандык» [2-кат. 1—2]. Сенеканын бүткүл этикалык окуусу адамдын бактылуу жашоо-турмушка жетишүү жолундагы жүрүм-туруму жөнүндөгү адеп-актык эрежелердин системасы болуп саналат. Муну менен бирге ал философтун өмүрү үлгү болууга, анын философиялык көз караштарынын көрүнүшү болууга тийиш, ошондо гана ал өзүнүн көз караштарынын акыйкаттуулугун далилдей алат.

Сенеканын ишмердиги жана практикасынын айкалышпагандыгы

Тилекке каршы, Сенеканын өз өмүрү жана ишмердиги теория менен практиканын айкалышпагандыгынын үлгүсү болгон. Ал өзүнүн принциптерине ылайык жашаган эмес. Өмүр бою ал ар кандай жолдор менен зор байлык топтогон, ал эми өзү болсо бакыт деген байлыкта эмес деп үйрөткөн. Ал муну түшүнгөн жана мүмкүн болушунча мындай абалды түшүндүрүүгө аракеттенген. «Бактылуу турмуш жөнүндөгү» эмгегинде ал мындай деп жазат: «Мага менин жашоо-турмушум өзүмдүн окуума ылайык келбейт деп айтышат. Бир убакта Платонду да, Эпикурду да, Зенонду да ушундайча жемелешкен. Бардык философтор өзүлөрү жашагандай жашагыла деп айтышпайт, кандай жашоо керектиги жөнүндө айтышат. Мен өзүм жөнүндө эмес, жакшылык иштер жөнүндө айтып, жаман жорук-жосундар, ошонун ичинде өзүмдүн кемчиликтерим менен да күрөш жүргүзөмүн: мүмкүн болгондо, кандай жашоого тийиш болсом ошондой жашаймын. Эгерде мен өзүмдүн окуума ылайык жашаган болсом, анда менден бактылуу ким болмок эле, бирок азыр жакшы насаат сөзүм үчүн жана ак ниеттүүлүккө чакырган тунук дилим үчүн мени жек көрүүгө негиз жок... Мен жөнүндө минтип айтышат: «Эмне үчүн ал философияны жакшы көрөт да, бирок бай жашайт, эмне үчүн байлыкты жек көрүүгө үйрөтөт да, өзү байлык топтойт? Өмүрдү жек көрөт — бирок өлгүсү келбейт? Оору-сыркоону жек көрөт да, бирок өзүнүн ден-соолугу жөнүндө кам көрөт? Өлкөдөн куулуп кеткенди эч нерсеге арзыбаган жаза дейт да, өзү мүмкүнчүлүк болсо өз ата-мекенинде карып, өлгөн жакшы дейт?» Бирок мен булардын баарынан баш тартуу үчүн аларды жек көрүү керек деп айтканым жок, мен булар жөнүндө тынчсызданбоо керек деп айтып жатамын; ал аларды өзүнүн жан дүйнөсүндө эмес, өзүнүн үйүндө топтоп жатат».
Бул айтылгандардан Сенеканын этикадагы эң башкы позицияларынын бири — байлыктын биздин турмушубуздагы маанисин тануу эмес, биздин байлыкка болгон мамилебиз маанилүү деген көз карашы көрүнүп турат. Байлыкка жетүүнүн эң кыска жолу — бул байлыкты жек көрүү. Сенека морал философиясы жагында ар дайым чыгармалары эң көп окулган жана окула турган философтордон болуп кала берет.

Сенеканын өлүмү

Сенека өз өмүрүн Нерондун буйругу менен, өлүм жазасынан кутулуу үчүн өзү кыйган. Аялы Паулина күйөөсүнүн каршылыгына карабастан өз калоосу менен Сенека менен чоогуу өлүүнү каалайт.
Сенека мындай дейт: "Мен сага бул жашоодо сооротчу нерсенин баарын коргоздум, бирок сен өлүмдү тандадың. Мен каршылык көргөзбөйм. Экөөбүз чоогу бирдей эрдик менен өлөлү, бирок сен - көбүрөөк атак менен."
Бул сөздөрдөн кийин экөө тең колдорунун тамырларын кесишкен. Картаң Сенеканын каны жай аккандан, ал бутундагы тамырларын да кесет. Ажалы келбегендиктен, Сенека өзүнүн досунан жана доктурдан Стаций Анейден уу берүүнү суранат. Сенека ууну ичет, бирок денеси муздап калгандыктан ал бекерге болуп, уу өз таасирин бербей койот. Анда ал ысык ваннага түшүп, аны куурчап турган кулдарга сууну бүркүп, "Бул - Юпитер Куткаруучуга курмандык" деп айткан.[4]

Шилтемелер

  1. Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8. Текшерилген күнү 16 -июнь (кулжа) 2012. Түп булактан архивделген күнү 16 -июль (теке) 2021.
  2. Луциллиге_адеп-актык_каттар.65-кат
  3. Сенеканын чыгармалары
  4. Сенеканын өлүмү

Колдонулган адабияттар