Люмбаго (латын тилинен lumbus — бел) — оор нерсе көтөргөндө же олдоксон кыймылдап алганда арка булчуңдарына өтө күч келип, белдин катуу оорушу. Организмдин суукка урунуусу түрткү берет. Ал көбүнчө куяң, омуртканын остеохондроз ооруларынын жана башкалар белгиси болушу мүмкүн. Люмбаго бир аз күч келгенде, кыймылдаганда, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө күчөйт. Белди басканда катуу ооруйт. Оорулуу бүкүрөйүп басат.
Эгер люмбаго ишиалгия менен болсо, анын пайда болгон себеби бул - омуртка кепилдеринин түшүшү.
Анда-санда ревматизмге таандык оорулар, кээ бир инфекциялык оорулар же шишиктер да люмбаго оорусунун себеби болот.
Азыркы ыкмалар менен люмбаго менен ооругандардын 30% себебин билинбей калууда. Люмбаго оорусунда оору феномени пайда болушуна, жаракат болгон кепилдеринин фиброз шакекчесинде жана ага кыналып турган байламталардын кабыл алгычтарынын дүүлүгүшү себеп. Жыйынтыгында булчуңдарда тоникалык шыкалуу (напяжение) пайда болот.
Люмбаго көбүнчө 30-40 жаштардагы эркектерде жолугат. Ал көбүнчө интенсивдүү физикалык күч болгондо же андан кийин, өтө ысып(тердеп) кайра муздаганда пайда болот.
Кокустан пайда болгон белдеги оорунун мүнөзү - пульсациялоочу, Приступ убагында киши алсызболуп, аргасыз катып калат, кыймыл аракет ого бетер ооруну күчөтөт, бел жактагы спазм күчөйт.Оорунун уланышы бир нече мүнөттөн бир нече саатка жана суткага чейин болот. Бул курч оору тынч, кыймылсыз катуу жерде жатканда айыгат. Кээде оору өзү эле кандай кокустан пайда болсо ошондой кокустук менен жоголуп кетет. Ушундай учурда оорулуунун лелинде "бир нерсе өзүнүн ордуна тургандай" болуп калат.
Көп учурларда 4-8 жумалык дарылануудан кийин оору өтүп кетет. Катуу ооруганда ооручу сезимдерди жок кылуучу, спазмолитикалык каражаттарды, функционалдуу методдорду колдонушат.

Люмбаго

Дарылоо түзөтүү

Дарылоону врач жүргүзөт. Өз алдынча дарылануу кабылдоолорго дуушар кылат. Оору байкалары менен түз жана катуу төшөккө жатуу сунуш кылынат. Люмбаго менен ооругандар оор жумуш жасабай, кескин кыймылдоодон, сууктан сактанышы керек.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8