Лямблиоз - ичке ичегиде, кээде өт баштыкчасында мителик кылуучу жөнөкөйлөр — лямблия пайда кылган оору. Лямблия кыймылдуу (4 жуп шапалакчасы жана соргуч дискасы бар) жана кыймылсыз формада (циста) жашайт. Соо адамга лямблия цистасы менен булганган тамак-аш, суу, кол, буюмдар аркылуу жугат. Ал ичегикарынга өтүп, ичке ичегиге жабышып мителик кылып көбөйөт. Лямблиоз болгондо ичтин жогору жагы же киндиктин тушу ооруйт; ич көөп курулдайт, кускусу келет, кээде былжыр аралаш суюк заңдайт. Лямблия ичке ичегиден жоон ичегиге өткөндө ал жерде өөрчүшүнө шарт болбогондуктан циста формасына айланып, заң менен сыртка бөлүнүп чыгат. Циста формасы сырткы чөйрөнүн түрдүү шартына чыдамдуу келет (топуракта 3 жумага, сууда 5 жумага чейин сакталат). Көбүнчө балдар (өзгөчө 1—4 жашка чейинки) ооруйт. Кээде оорунун белгиси билинбей өтүп, кай бир оорудан кийин байкалат. Баланын ичи көөп, ооруйт, тез-тез былжыр аралаш заңдайт. Дарыгер оорулууга дарылоодон тышкары белогу жетиштүү жеңил диетаны (кайнатып бышырган эт, быштак, кефир, сабиз, капуста жана башкалар) сунуш кылат. Таттууну, камырдан жасалган тамактарды тарта жеш керек. Оорунун алдын алууда оорулууну убагында таап дарылоо мааниге ээ. Тамак-аш азыктарын таза сактоо, чымындарды жок кылуу, сууну кайнатып же суу түтүгүнөн ичүү, жашылча жемишти тамакка жууп пайдалануу, өздүк гигиенаны сактоо зарыл.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8