Желби, илби, илбичи (Сыйкыр),

Чиди, чидигөй (көз боёмочулук, чиди, чидер - байлоо, тушоо.)

Ырк, ыркчы (айтымчылык, төлгө / "Ырк Битик" - Төлгө битиги) Диван Лугат Ат-Түрк

Жад, жай, жайчы (жайчылык - жайташтын жардамы менен аба ырайын өзгөртүүчү магия.)

Магия (гр. mageia – сыйкыр) – дүйнөгө (жаратылыш кубулуштарына, адамдарга, рухтарга) табияттан тышкаркы жолдор менен таасир берүүгө чакырылган сыйкырчылык, арбоочулук, көз байлоочулук, ырым-жырымдар. магиялык аракеттердин ар кандай түрлөрү жамааттын жашоо-тиричилигинин ар кандай жактары менен байланышкан. Магия тиричиликтик магия (жамгыр чакыруучу, күндүн көзүн байлоочу аңчылыкта жолдуулукту камсыз кылуучу ырым-жырымдар), дарылоочу магия, зыян келтирүүчү магия («жолдон чыгаруу», «кара магия») жана башкалар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8