Майдан (Кадамжай району)
(«Майдан, Кадамжай району» барагынан багытталды)
Майдан — Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районундагы айыл. Майдан айыл аймагына кирет.
Майдан | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Бийиктиктиги |
1310 |
Калкы | |
Калкынын саны |
1843 (2009) |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Ош – Кызыл-Кыя автомобиль жолунун жана Исфайрам суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1310 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 60 км түштүк-чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол станциясынан 28 км. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, дарыкана бар.
Калкы түзөтүү
Калкы 1843 (2009), негизинен мал багат, дыйкан чарбаларында эмгектенет.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7