Макала маркетинги - бул жарнама ишкердигинин бир түрү жана өзү, компаниясы жана алардын адистик артыкчылыктарын маркетингдик стратегия катары кыска макала кылып жазууну билдирет. Мындай макаланын башкы өзгөчүлүгү бизнес тууралуу "биокутуну" жана автордун атын (жалпы аталышында ресурстук куту катары белгилүү) камтыгандыгында.

Салттуу макала маркетинги түзөтүү

Макала маркетинги кесипкөйлөр тарабынан басмадан массалык чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар учурларда колдонулуп келет. Бизнесс мазмундарды кезиттерге жөнөтүп турушат, мисалы: салыктарды төлөө мезгилинде салыктар тууралуу, кезиттер бул макалаларды бастырышат жана ал макалаларда бизнестин атын жана байланыш даректерин кошуп койушат. Кезиттер жана кадимки массалык медиа каражаттарынын мазмун чогултуу бюжети ченемдүү болгондуктан мындай макалар кезиттердин бизнес бөлүмүндө колдонулат.

Интернеттеги макала маркетинги түзөтүү

Интернеттеги макаланын маркетинги автордун базар, өнүм же кызмат жөнүндө жумушун онлайн макалалар каталогу аркылуу алдыга чыгаруу үчүн колдонулат. Жогорку даражадагы веб-барактагы макала каталогдор көптөгөн сайтка кирүүчүлөрдү топтойт жана издөө сайттарында ишенимдүү сайт катары туруп, көп трафик иштеп чыгат. Бул каталогдор автордун веб-сайтындагы PageRank алгоритми (издөө натыйжаларын ишенимдүүлүк деңгээли боюнча сортировкалаган алгоритм) өтүп, ага кошумча окурмандардан трафик жөнөтөт.

Ишкана кожоюндары, маркетологдор жана ишкерлер макалаларды жарнамалоо кампаниясынын натыйжаларын өз макалаларын бир нече каталогдорго киргизүү аркылуу көбөйтүүгө аракеттенишет. Анткени менен, көпчүлүк издөө сайттары кайталанган контентти окшош материалдар издөө натыйжалары барагына көп жолу чыкпасын деп чыпкалоону колдонушат. Кээ бир маркетологдор бир макаланын кичине өзгөртүлгөн бир нече варианттарын жазып, бул чыпкадан өтүүгө жол табышат, бул жагдай макала айландыруу деп аталат. Бул жол менен бир макала теория жактан алганда бир нече макала каталогдорунан сайт коноктору санын көбөйтүп алуусу мүмкүн.

Издөө сайттарын оптимизациянын жана интернет маркетингдин көпчүлүк түрлөрү домен, интернет хостинг планын, жана алдыга жылдыруу бюджетин талап кылат. Бирок, макала маркетинги бекер хост катары макала бөлүмдөрүнүн пайдасын көрөт жана тизмелөөнүн издөө сайт ишенимдүүлүгүнө жараша органикалык издөөлөр аркуылуу трафикке ээ болот.

Макала маркетинги көздөгөн негизги максат - макалага автор анын ишенимдүүлүгүн бекемдеп, өз чөйрөсүндө таасир эте алышы үчүн издөө сайтынын трафигин алуу, ошол эле учурда ал трафикти өздөрүнүн сайт(тар)ы үчүн колдонуу. Макала маркетингинин ачкычы - автор өздөрүнүн сайтын, өнүмдөрүн же кызматтарын жөн гана алдыга жылдыруу менен гана эмес, өз макалалары менен маанилүү бир нерсе айтуу менен да алектенгени.

Дагы караңыз түзөтүү

  • Макала бөлүмү
  • Видео макала маркетинги
  • Дигиталдык маркетинг
  • е-зин
  • Гео (маркетинг)
  • Маркетинг
  • Веб синдикация

Тышкы шилтемелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү