Мамбетов Кумушбек Бекитаевич

Мамбетов Кумушбек Бекитаевич  (1956) –  Айыл чарба илимдеринин кандидаты, К.И.Скрябин атындагы   Кыргыз Улуттук агрардык университетинин  Топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын доценти.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Мамбетов Кумушбек Бекитаевич 1956 жылы Чуй областынын Сокулук районунда  туулган.  Улуту - кыргыз.   

  • 1974 жылы Сокулук районун, Чат-көл айылындагы  орто мектепти аяктаган.
  • 1979 ж. - К.И. Скрябин атындагы   Кыргыз Улуттук агрардык университетинин Агрономия бөлүмүн бүтүргөн.
  • 1979-82ж.ж. - К.И. Скрябин атындагы   Кыргыз айыл чарба институнун күндүзгү окуу бөлүмүнүн аспиранты.
  • 1983-1998ж.ж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетиин илимий ишкери, ассистенти, улуу окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу.
  • 1992-1998 жж. - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институнун кесип кошунунун төрагасы
  • 1998-2012-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба кызматкерлердин кесип кошунун Борбордук комитетин төрагасы
  • 2013 ж  азыркы убакытка чейин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетиин Топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын доценти.
  • 1988-ж. – айыл чарба  илимдеринин кандидаты. Темасы: “Чуй өрөөнүндө боз шалбалуу  топурагында которуштуруп айдоодо  узак мөөнөттө колдонгон жер семирткичтердин  күздүк буудайдын түшүмү менен данынын сапаты тийгизген таасири”.
  • 2014 ж. - доцент наамын алган.
  • 2017-жылдан бери докторлук (кандидат) диссертацияларды жактоо боюнча кеңештин окумуштуу катчысы. 

Илимий ишмердиги түзөтүү

Өсүмдүктөрдүн топуракта азыктануусунун агрохимиясы, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн азыктануу системасы, агрохимиянын экологиясы, элементтердин , анын ичинде макро (NPK) жана микро элементтердин агрохимиясы, агрохимиялык изилдөөлөрдүн методикасы топурак жана өсүмдүк диагностикасы кирет.

Негизги илимий-методикалык эмгектери түзөтүү

  1. Күздүк буудайдын жогору түшүмдүүлүгүнүн агрохимиялык негиздери. Монография. – Бишкек, “Турар”, 2003, - 367 б.
  2. Кыргызстандагы кызылча которуштуруп эгүүдөгү өсүмдүктөрдүн азыктануу системасынын  илимий негизи. - Бишкек, “Турар”, 2003, - 479 б.
  3. Агрохимия боюнча курстук долбоор. Методикалык окуу куралы жана иш дептери. Бишкек, Типография КНАУ, 2012,-60 б.
  4. Дыйканчылык боюнча лабораториялык-практикалык сабактарга методикалык колдонмо. Бишкек, Осоо «Кут-бер», 2015, - 27 б.
  5. Агрономия дагы илимий изилдөө негиздери  боюнча лабораториялык-практикалык сабактарга методикалык колдонмо. Бишкек, ОсОО «Кут-бер», 2015, - 27 б.
  6. Чуй өрөөнүнүн боз шалбаа топурактарында жер семирткичтерди узак мөөнөттө колдонуунун эколгиялык маселелери. . Бишкек, ОсОО «Кут-бер», 2016, -  б. 167-171.
  7. Жер семирткичтерди узак мөөнөттө колдонгондо  оор металл менен микроэлементтердин күздүк буудай менен  жаздык арпанын данында камтылышы. Волгоград. Международный научный журнал «Путь науки» № 12, 2016, б. 43-46.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

  • 1989 ж - К.И. Скрябин атындагы  Айыл чарба институнун ардак грамотасы
  • 2005ж – Эл аралык конфедерациянын профсюздар уюмунун ардак грамотасы
  • 2008 ж – Россия Федерациясынын Айыл чарба кызматкерледин профсоюздук уюмунун Борбордук комитетинин ардак грамотасы.
  • 2010 ж – Кыргызстан профсоюздар  федерациясынын төш белгиси
  • 2015 ж - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетиин ардак грамотасы.

Доцент К. Б. Мамбетов расмий оппонент болгон   окумуштуулар түзөтүү

Эшимкулова Гульмира Фронтбековна 06.01.04 “Кыргызстандын Чуй өрөөнүндөгү боз-шалбалуу топурагында жаздык арпага колдонулучу жер семирткечтердин натыйжаалуулугу”. (2011).