Манга (жап. 漫画, マンガ, [mã̠ŋɡa̠] (инф.)) а., жөн. — жапон комикстери, кээде комику деп да аташат (コミック). Азыркы формадагы манга Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин батыш салтынын күчтүү таасиринин астында өнүгө баштаган, бирок өзөгү эрте жапон искусствосуна барып такалат.

Мангадар.

Жапонияда манганы чоңу да кичинеси да окуйт. Манга көркөм өнөрдүн түрү катары да кадыр-барктуу. Ошондуктан ар түрдүү жанрларда ар түрдүү темаларда көптөгөн чыгармалар бар: укмуштуу окуя, махабат, спорт, тарых, юмор, илимий фантастика, коркуунучтуу, эротика, бизнес ж.б. 1950-жылдардан бери манга 2006-жылы 481 млрд ийендик, 2009-жылы 420 млрд ийендик айланууга ээ жапон китеп басмасынын ири тармагына айланды. Манга дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да популярдуу болду, өзгөчө АКШда. Бул жерде 2006-жылдын маалыматтарына караганда, сатуулар 175-200 млн доллар чамасында болгон. Дээрлик бардык манга ак-кара түстө тартылып, басылат. Бирок түстүүсү да бар, мисалы, аталышы англисчеден "түстүү" деп которулган Colorful. Популярдуу, көбүнчө узун манга сериалдар (кээде бүтпөй калган) аниме болуп тартылат, ранобе, видео оюндар жана башка туунду чыгармалар да жасалышы мүмкүн. Бар манга боюнча аниме түзүү коммерциялык өңүттөн караганда мааниге ээ - манга тартуу адатта көп чыгымды талап кылбайт, аниме студиялар болсо, тигил же бул манга экранга чыгаруу үчүн популярдуу болдубу жокпу аныктай алчу мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Экранга чыгарууда сценарий бир катар өзгөрүүлөргө туш болушу мүмкүн: уруш жана мушташ сахналары бар болсо, жылмаланат, ашыкча ачык сахналар чыгарылат. Манганы тарткан сүрөтчүнү мангака дейт, көбүнчө ал сценарийдин да автору. Сценарий жазууну башка киши колго алса, ал сценаристти гэнсакуся дейт (тагыраагы, манга-генсакуся). Манга мурда бар аниме же тасманын негизинде да жаралышы мүмкүн, мисалы, "Жылдыз согуштары"-нын негизинде. Бирок аниме жана "отаку" маданияттары мангасыз пайда болмок эмес, анткени бардык эле продүсерлер комикс түрүндө сатылып, популярдуулугун тастыктабаган долбоорго убактыларын жана акчаларын коротушпайт.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү