Масалит (Кана Масалака, Масарака, Месалит, Массалит, англ. Masalit, ар. .ماساليت‎) — эл. Судандын батышында (Дарфур) жана Чаддын чыгышында (Ваддаи) жашайт[1]. Жалпы саны 440 миң адам.

Масалит

Дар-Масалит султандыктын желеги
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 440 миң адам
 Судан — 350 миң
 Чад — 60,9 миң
 БАР
 Түштүк Судан

Тили

масалит

Дини

мусулмандар (сүннөттөр)

Расалык тиби

негроид

Масалит элинин кылычтары

Тил түзөтүү

Масалит тилинде сүйлөшөт. Ошондой эле араб тили кеңири таралган.

Дин түзөтүү

Көпчүлүк мусулмандар (сүннөттөр). Бирок салттуу ишенимдердин таасири калган[2].

Чарбалык иштер түзөтүү

Көпчүлүк дыйканчылык менен алектенишет. Майда фермерлик чарбалар өнүккөн. Масалит дыйкандары таруу, жер жаңгак, сорго, сезам, манго, кориандр өстүрүшөт[1].

Турак жай түзөтүү

Кадимки үй конус формасында, жыгачтан жана самандан курулган[2].

Тарых түзөтүү

Масалит уруусунун уламыштары боюнча, алардын түпкү мекени түндүктө болуп, Туниске чейин созулган. Бирок алар өз жерлерин таштап, азыркы Чаддын аймагынан өткөндөн кийин, акыры азыркы Суданга отурукташып калышкан. Алар исламды 17-кылымда кыдыруучу мусулман дааватчыларынан кабыл алышкан.
Дарфур жаңжалында (2003-2020) эл джанджавид арабдары тарабынан геноцидге дуушар болгон.Ошол себеп менен элдин бир бөлүгү коңшу өлкөлөргө (Чад, БАР, Түштүк Судан) качууга аргасыз болушкан.

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 James Stuart Olson, Charles Meur. The Peoples of Africa: An Ethnohistorical Dictionary. — Greenwood Publishing Group, 1996. — 706 с. — ISBN 978-0-313-27918-8.
  2. 2.0 2.1 Калиновская К. П. Масалит // Народы и религии мира: Энциклопедия. — М.: Большая Российская энциклопедия, 1999. — С. 96. — ISBN 5-85270-155-6.

Тышкы шилтемелер түзөтүү