Масиров Кошбай
Масиров Кошбай (1951-ж. т., Каракөл шаары) - Кыргыз Республикасынын ардактуу куруучусу (2002). Фрунзе политехникалык институтун аяктаган (1978).
- 1969-76-ж. Казакстандагы “Гидроэлектромонтаж” бирикмесинде электромонтаждоочу,
- 1976-77-ж. “Нарынгидрокурулуш” курулуш башкармалыгында слесарь,
- 197780-ж. “Нарынгидроэнергокурулуш” ишканасында комсомол комитетинин катчысы,
- 1980-83-ж. Талас облустук ЛКЖСнда бөлүм башчы,
- 1983-87-ж. Каракөл шаардык комитетинде бөлүм бөлүм башчы,
- 1987-88-ж. “Нарынгидроэнергиякурулуш” бирикмесинде партиялык комитеттин катчысы,
- 1988-90-ж. Каракөл шаардык комитетинин катчысы,
- 1990-92-ж. Эл депутаттарынын Каракөл шаардык Кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, шаардык Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары,
- 1992-96-ж. Каракөл шаардык администрациясынын башчысы.
- 1996-99-ж. Ташкөмүр шаардык администрациясынын башчысы,
- 1999-2001-ж. Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, 2001-2004 ж. “Нарынгидроэнергиякурулуш” Акционердик коомунун генералдык директору.
- 2005-2007-ж. Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
- 2007-2010-ж. Жалалабад облусунун-губернатору.
Элдердин достугу ордени, Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамоталары менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5