Масуди Абул-Хасан Али ибн ал-Хусейн (9-кылымдын акыры – 956 же 957) – орто кылымдардагы араб тарыхчысы жана географы. Ал Иран, Индия, Түндүк Африка, Цейлон, Орто Азия, Азербайжан аймактарын кыдырып чыккан; өзү Шам, Мысыр өлкөлөрүндө жашап, 20дан ашуун эмгек жазган. «Муруж аз-захаб ва маадин ал-жавахир» («Алтын чайкоочу жайлар жана кендер») деген тарыхый географиялык эмгегинде (943), «Китаб ат-танбих ва-л-ишраф» («Насаат жана текшерүүнүн китеби»), «Ажайыб дүнүйө») деген геогрф эмгектеринде түрк элдери тууралуу бир катар кызыктуу маалыматтар калтырган.

Масуди

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү