Медресе (арабча مدرسة‎‎ – окуй турган жер) – чыгыш өлкөлөрүндө диний жогорку жана орто окуу жайы. Медреселер жөнүндөгү маалыматтар 8–9-кылымга таандык. Медреседе динден башка философия, укук таануу, филология, астрономия, математиканы окутушкан. Айрым өлкөлөрдө ислам университеттери деп аталган: Азхар (Египет), Зейтун (Тунис), Алигария (Индия), Пеншат (Пакистан), Анкара (Турция) жана башка Орто Азияда Медреселер 10-кылымда пайда болгон 18–19-кылымдарда Медреселердин саны көбөйгөн.
Кокон шаарында эле 50 Медресе болгон. Медреселер чоң жана кичине Мелресе деп бөлүнгөн. Чоң Медреселерде 15–20 адам, кичине Медреселерде 5–10 адам окуган. Медреселер Чыгыш өлкөлөрүндө жогорку окуу жайлары катары эсептелген. Мында негизинен мусулман укугу, араб, фарсы тилдерин, рифметика, астрономия жана башкаларды окутушкан. Медреседе окуу 20 жылга жакын үч тепкичте жүргөн: адно – төмөнкү; аусот – ортоңку; агло – жогорку. Ар бир тепкич атайын китептер жана окуу куралдары менен камсыз болгон. Көпчүлүк Медреселер негизинен диний кызматкерлерди –муфтийлерди, аглямдарды, казыларды, мударистерди окутуп, тарбиялап чыгарышкан. Орто Азия хандыктарынын тарыхында Медресени бүткөн адамдар гана казылык, муфтийлик, мударисттик жана башка кызматтарда иштеген. 19-кылымда Кыргызстанда да Медреселер ачылган, 1892-жылы маалымат боюнча Ош шаарында 7 Медресе болгон. Медресени бүтүргөндөр казы же муфтий наамын алышкан. Орто Азияда татарлар тарабынан жаңы тартиптеги мектептердин ачылышы менен Медреселер өнүгө алган эмес. Жогорку Медреселердеги окуу мөөнөтү жети жыл болгон жана алар мусулман кызматкерлерин даярдашкан.

Медресе

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү