Месса (лат. misso – бошотом, жиберем) – католиктердин чиркөөдө кудайга сыйынуу адатынын музыка менен ишке ашырылуучу эң негизги салты, православныйлардын литургиясына окшош. Мессада башкы роль музыкага жүктөлгөн. Месса – ординарийден (күндө колдонулуучу бөлүктөрү) жана пропорийден (диний майрамдарда гана аткарылуучу бөлүктөрү) турат. Месса адатта ырдалат. Аз гана бөлүгү үндү кыраатын келтирип окулат. Орто кылымдарда Мессага кирген ырдоолор бир үндүү болгон. Кийинчерээк бир эле композитор тарабынан жазылып, кайра иштелип чыккан көп үндүү ырдоо жана алардын бүтүндөй бир циклдери пайда болгон. Мессанын негизги түрлөрү: реквием (сөөк коюуга арналган муңдуу месса), кыска месса жана хордук Месса 17–18-кылымдан тартып месса концерттик музыка жанрына айланган. М. И. С. Бахтын си минор мессасы, Л. Бетховендин «Салтанаттуу мессасы» ж. б. чыгармалар сыйынуу музыкасынан башка концерттерде да аткарылат.

Месса.

Колдонулган адабияттар түзөтүү