Метеорит кратери – өтө чоң метеорит келип түшкөндө бир нече метрден ондогон километрге чейин пайда болгон чуңкур.

Аризона кратери.
Сокку кратеринин схемасы.

2–5 км/сек жана андан да чоң ылдамдык менен келип согулган метеорит катуу абалынан өтө кысылган газга айланып, кубаттуу жарылуу толкунун пайда кылат. Метеориттен бир аз гана чачыраган бөлүктөрү сакталышы мүмкүн. Ири метеорит кратерлеринен бизге белгилүүсү АКШдагы Аризон метеорити. Анын диаметри 1 207 м, тереңдиги 174 м.

Каали метеорит кратери Эстон мамлекетинде Сааремаа аралында жайгашкан. Анын узундугу 110 м, тереңдиги 16 м.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов