Миелоз (миелолейкоз) - лейкоздор тобундагы кан оорусу.

Мында кан пайда кылуучу органдар өсүп жетилбеген гранулоциттерди көп пайда кылат. Миелоздо лейкоциттердин саны бара-бара көбөйөт. Ал өтө күчөгөндө канда базофил жана эозинофилдин саны да жогорулайт. Көп учурда көк боордун чоңойгону байкалат. Мында оорулуу алсызданып, анемия болот. Дарылоодо химия терапия, нур терапиясы, жалпы организмди чыңдоочу процедуралар жүргүзүлөт, керек учурда кан куюлат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8