Милет мектеби (ионийлик) – Фалес, Анаксимандр жана Анаксимен (б. з. ч. 6-к.) негиздеген байыркы грек философиясынын алгачкы мектеби. Мектепке Иониядагы Милет шаарынын аты берилген. Милет мектеби байыркы грек философиясынын башаты болгон: милдет философтору кубулуштардын көп түрдүүлүгүн ар кайсы жагынан кандайдыр бир алардын нерселердин маңызын байкашкан (“биринчи негиз”). Ал Фалес үчүн суу, анаксиоандр үчүн белгисиз жана чексиз зат (апейрон), Анаксимен үчүн аба түрүндө болгон.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8