Минералдардын парагенези

Минералдардын парагенези (пара... жанa генезис) — бирдей шартта пайда болгон минералдардын жер кыртышында закон ченемдүү бирге кездешүүсү.

Минералдардын парагенези тууралуу түшүнүктү 1849-ж. немец геологу А. Бренштаун киргизген. Парагенездик ассоциациялар (бирикмелер) ар кандай физ.-хим. жанa термодинампкалык шартта өнүгүп жаткан процесстин белгилүү бир мезгилинде пайда бо­лот. Окшош шартта пайда болгон минералдар парагенездик катарды түзөт. Ал түрдүү кенде закон ченемдүү кайталанат. Минералдардын парагенезинин кен байлыктарды издөөдө мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.