Миокардиодистрофия (мио..., rp. kardia — жүрөк жанa дистрофия), кардиомиопатия — жүрөк булчуңунун зат алмашуунун бузулушунан жабыркоосу.

Негизги себептери: тамактануу режимин сактабагандык ('алиментардык дистрофия, авитами­ноз ж. б.), боор, бөйрөктүн начар иштеши, углевод менен электролит ал­машуунун бузулушу, аз кандуулук, кьгчкылтек жегишсиздиги, уулануу [хлороформ, аракечтик) ж. б. Миокардиодистрофия башталганда оорулуу адам демигет, жүрөктө жагымсыз сезим байкалат. Жүрөк согуу добушу акырындап, шуулдоо жанa аритмия пайда болуп, электро­кардиограмма өзгөрөт. Миокардиодистрофия жүрөк бул- чуцунун жыйрылуу күчүн азайтып, начар иштешине себепкер болот. Дарылоо пайда кылган ооруларга жараша жүргүзүлөт, жүрөк булчуңундагы алмашуу процессии жакшыртуучу каражаттар колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.