Миома (лат. Tumores) — булчуң ткандарынан пайда болгон коркунучсуз шишик.

Чоңоюп кеткен миома

Мүнөздөмөсү түзөтүү

Миома жылма булчуңдардан (жатын, карын, ичеги, тери) пайда болсо — лейомиома, ал туура ала булчуңдан (скелет жана жүрөк булчуңдарынан) пайда болсо рабдомиома деп аталат. Карын жана ичегинин лейомиомасы, ошондой эле рабдомиома чанда кезигип, операция жасаганда гана билинет. Демейде миома булчуң тканынан жана туташтырма ткандан турса фибромиома деп аталат.

Фибромиома түзөтүү

Көбүнчө жатын миомасы (фибромиома) көп кезигет. Бул учурда шишик бир нече кгга жетет. Жатын миомасы энелик клетканын функциясына жараша гормондук бузулуудан, көбүнчө 30 жаштан кийин пайда болот.

Натыйжасы түзөтүү

Миомада кан жоготуу анемияга алып келет, табарсыкты, кичине жамбаш чарасындагы кан тамырларды жана нервдерди кысат. Шишик этек кир функциясы токтогуча (50 — 55 жашка чейин) өсөт. Шишик бар экени билингенден кийин врачтын көзөмөлүндө болуп, жылына 3—4 жолу кароодон өтүп туруу керек. Шишик тез өсүп, кан агуу башталганда консервативдүү дарылоо жардам бербесе хирургиялык операция жасалат.

Коркунучсуз шишиктердин түрлөрү түзөтүү

Мындай шишиктер бүт эле ткандардан түрүнөн пайла боло берет. Эң көп коркунучсуз шишиктердин тизмеси алдында көрсөтүлгөн:

Ткандан түрү Шишиктин түрү
Жалпак эпителий Жалпак клеткалык папиллома
Темирдүү эпителий Аденома
Кошуучу ткан Фиброма
Майлуу ткан Липома
Жылма булчуң ткан Лейомиома
Сөөк тканы Остеома
Хрящевая ткан Хондрома
Лимфоиддик ткан Лимфома
таргыл булчуң ткан Рабдомиома

Кеңири жайылган коркунучсуз шишиктер:

Жатын миомасы — аялдын жыныс булчуңдарынын капталынан өсөт.Бул шишиктин түрү 30 жаштан ашкан аялдадын 15-17%де жолугат.Жатын канаганда, жатындын көлөмү өзгөргөндө,ичтин алды ооруганда пайда болгон болот. Шишик чоң болсо жанындагы органдарды кысып, функциясын бузат. Шишикти кесип алып салгадан кийин бейтаптардын 30%де рецидив (кайра кайталануу)болушу мүмкүн.

 
Теринин папиломасы

Папиллома (papilloma; латын тилинен «papilla»-урчук + -ōma) — эпителиалдуу коркунучсуз шишик. Папиллома дөмпөк же сөөл түрүндөгү ар кандай өлчөмдө болот. Териде жана былжырлуу үстүртөндүктөрдө өсөт. Бетке жана моюнга чыкканда косметикалык дефект болот. Дем алуу жолдорунда чыкса дем алуу бузулат, заара чыгуучу түтүкчөлөрдү жаракат кылса- заара чыгуу оор болот. Аденома — ар кандай организмдердин темирдүү эпителийинен чыгат (калкан без, эркектин урук чыктагыч бези, шилекей бездери). Көбүнчө козу карындай же түйүндөй формада болот. Далай ирет органдын секретин чыгарычуу жөндөмдүүлүгүн сактап калат. Заара чыгарууда кыйынчылыкка алып келет. Гипофиз аденома — аденогипофиздин коркунучсуз шишиги. Шишиктин клеткалары көбүнчө гормондорду көп чыгарат, ошондуктан симптомдордон тышкары эндокриндик оорулар, Кушинг оорусу, гигантизм, акромегалия оорулары өөрчүйт.[1]

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

  1. шишиктер